Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Жамансариев Дүйшөбаеванын иши боюнча журналисттерге маалымат берет


Маркум Камила Дүйшөбаева.
Маркум Камила Дүйшөбаева.

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу тергөөдө көрсөтмө бергендердин бири, “Эр теги” коомдук уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев бүгүн журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жамансариев өзү билдирди. Ал тергөөгө чакырылганы чын экенин, бирок бул түздөн-түз кылмышка байланыштуу эместигин айтууда:

-Мен бул окуя боюнча көрсөтмө берип жаткан Калыйбек Саляновдун досу катары тергөөгө чакырылгам. Кылмыш болгон күнү Калыйбек менен жолугушканмынбы же жокпу, эмнелерди сүйлөшкөнүбүздү сурашкан. Болгону ошол эле. Мен Камила Дүйшөбаеваны тааныган эмесмин. Журналисттердин суроолоруна ачык жооп берип коёюн дедим. Коомчулукта ар кандай туура эмес пикирлер жаралып жатат.

19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү быйыл 16-мартта Бишкектин чекесиндеги Байтик айылынан табылган. Жакында бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” уюмунун жактоочусу болуп жүргөн Осунбек Жамансариев да бар экени маалым болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG