Симпозиум “Исламдагы орто жол” деген аталыш алдында өтүп, диний аалымдар Кыргызстан исламдын ханафий мазхабын туу тутунганда гана радикализмден узак болорун баса белгилешти. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов өлкө жарандарын радикализмге, экстремизмге жана терроризмге түрткөн башкы себеп диний сабатсыздык деп билет. Айтымында элден мурда ислам динин жайылтып жаткан имам, молдолордун билим деңгээлин көтөрүү зарыл.
- Карапайым элден мурда диний ишмерлерди агартышыбыз керек. Баарын эле сабатсыз дегенге болбойт. Бирок арасында исламдан түшүнүгү жок туруп элди туура эмес жакка үгүттөгөндөр толуп жатат. Эгер молдо, имамдардын билими терең болбосо, дин жолуна жаңыдан түшүп жаткан жарандарды адаштырбайт деп эч ким кепил боло албайт. Көпчүлүк молдолордун диний билими болгону менен дүйнө таанымы тайкы.
Түрдүү агымдарга азгырылгандар
Жаштардын радикализмге азгырылышына сырткы күчтөрдүн таасири чоң. Мындай пикирин Дин, укук жана саясат талдоо борборунун башчысы Кадыр Маликов билдирди. Анын ою боюнча жарандарды радикализмге үндөөдө Пакистан, сыяктуу өлкөлөрдөн салттуу исламга каршы диний агымдарда тарбиялангандардын салымы зор.
- Бизде эң чоң маселе дин адистеринин тартыштыгы. Өзгөчө ханафий мазхабын тутунган диний аалымдар жетишпейт. Биздин өлкөдө салттуу исламга каршы келген көптөгөн диний агымдардын өкүлдөрү бар. Бири пакистандык, дагы бири түркиялык жана башка. Ошондуктан элди салттуу исламга үндөй турчу кадр маселеси курч бойдон турат. Бир гана ханафий мазхабына эмес, матруди ишенимине көңүл бурушубуз керек.
Симпозиумга катышкан эксперттердин баамында, мурда ислам динин совет заманында билим алган чала молдолор бурмалап жеткирсе, эми ар кандай экстремисттик уюмдарга мүчө жарандар интернет аркылуу туура эмес түшүнүктөрдү жайылтып келет. 200гө жакын кыргызстандыктын Сириядагы согушка жөнөшүнө да мына ушул интернет дааватчылардын салымы чоң.
Пакистан сабагы...
“Ыйман” рухий маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Искендер Ормон уулунун пикиринде, диний караңгылыктан арыла албай жаткан Кыргызстанда Пакистандагыдай каргашалар кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт жана 150гө жакын адамдын өмүрүн алган талиптердин чабуулу радикализмдин айкын мисалы.
- Пакистандагы чабуул Кыргызстанда болбойт деген кепилдик жок. Анткени радикализмдин кесепеттери социалдык вирус сыяктуу кеңири жайылып барат. Өзгөчө кат-сабаты жоюлбаган адамдар экстремизмге, терроризмге бат тартылат экен. Сирияда, Ооганстанда же Пакистанда согуштук аракеттерге катышып жүргөн жарандарыбыз Кыргызстан үчүн коркунуч туудурат.
3-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясы жактырылган. Анда 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары аныкталып, Кыргызстан светтик мамлекет экени, диний чөйрөдө, өзгөчө коопсуздукту камсыздоодо мамлекеттин ролу бекемделери, динди саясатка аралаштырбоо жана диний билим берүүнү колдоо жактары белгиленген. Жаңы концепция мурункудан айырмаланып, Кыргызстандагы мусулмандар исламдын сунний агымындагы ханафий мазхабын жана матруди ишенимин карманары, мамлекет бул мазхабдын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөрү жазылган.