Бейшембиде Москвада Беларустун жана Орусиянын вице-премьер-министрлери жолугушту. Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосун кара мышык аралап, президент Александр Лукашенко Москванын дарегине ачуу сөздөрүн улам кайталап жаткан учурда өттү.
Шаршембиде президент Александр Лукашенко Орусия беларустук айрым компаниялардын азык-түлүк продукциясын киргизүүгө тыюу салуу жана Казакстанга ташылган продукцияга чектөө киргизүү менен “Бажы биримдигинин ичинде жетишилген макулдашууларды бузуп, өзүн жаман жагынан көрсөттү” деп сындады. Президент ноябрдын этегинде ушундай эле оюн ортого салган:
- Мени орус бийлигинин жасагандары таң калтырган жок, катуу түйшөлттү. Бажы келишимдерин бузуу менен үзгүлтүккө учураган эки өлкө ортосундагы соода жакын арада калыбына келбесе, биз чара көрүүгө аргасыз болобуз.
Президент Орусиянын аймагына Европанын товарларын реэкспорттоп жатышат деген айыпты четке кагып, Беларус "өзү керек деп эсептеген продукцияны кайра иштетет жана кайра иштетүүнү уланта берет, себеби Орусия менен Европа биримдигинен товарларды тикелей алып келүүгө гана болбойт" деп макулдашылган деди.
Өткөн айдын этегинде Россельхознадзор Беларустун 23 ишканасы чыгарган эт менен сүт азыктарын Орусияда сатууга тыюу салган. Мекеменин эксперттери айрым продукцияда адам үчүн кооптуу микроорганизмдер табылганын айтышкан.
Лукашенко өлкө эң мыкты продукциясын "сырткы рынокко, биринчи кезекте Орусияга чыгарат" деп, дооматтарды четке какты.
- Беларустун мисалында кезектеги жолу газ же мунай түтүгү болобу, азыр болсо азык-түлүк маселесине асылып, бүтүндөй дүйнөгө сес көрсөтүп же окуткулары келүүдө деген ой пайда болууда. Желкесинен алып эки жакка силкилденткендей биз күчүк эмеспиз да. Мыйзамдар бар. Биз эртең ишке кирип жаткан Евразия экономикалык биримдигине киргенбиз. Товар экспорттоого кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн? Товар, жүк, жумушчу күчтүн түз, эч кандай тоскоолдуксуз өтүүсү тууралуу макулдашпадык беле. Биз иш жүзүндө бир өлкөбүз да, - деди Беларус товарлары чектелгени белгилүү болгондон кийин Лукашенко.
Анын айткандарын Беларус телеканалы көрсөткөн.
Кремль август айында АКШ, Европа биримдиги, Австралия, Канада жана Норвегиядан чыккан азык-түлүккө бир жылга тыюу киргизгенден бери Москвадагы базарларда өзгөчө балык, эт жана сүт азыктарынын баалары кескин өсүп кеткен.
Орусия азык-түлүктүн 40 процентин башка өлкөлөрдөн ташып турат. Москванын санкцияларына кошулбаган Минск болсо бул жагдайдан финансылык пайда табууну көздөйт.
Санкциялар жарыялангандан көп узабай Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Батыштан чыгарылган айрым товарлар Орусияга Беларустун же Казакстанда "өндүрүлгөн" продукция катары кириши мүмкүн деп айтканы бар.
Бирок орус бийлиги бул жылчыкты бүтөөгө аракеттенгендей көрүнөт. Батыштын кара тизмесине киргизилген товарлары Беларустан аткезчилик жолу менен өтүүдө же Казакстанга жөнөтүлгөн экспорт катары Орусияга кирүүдө деген айыптоолор көп айтыла баштады.
Лукашенко санкциялар жарыялангандан бери Беларустан Орусияга чыгарылган азык-түлүктүн көлөмү көбөйдү деген ырастоолорду четке какты.
Президенттин айтымында, жергиликтүү ишканалардын Батыштан келген чийки продукцияны кайра иштетүү кубатын көбөйтүүгө чамасы чектелүү. Ал экспорттун көлөмү 2 проценттен 5ке гана өскөнүн белгиледи.
Ал тапта Россельхознадзор 3-декабрда билдиргенине караганда, беларус компаниялардан эт алуу кайра жанданышы ыктымал, бирок сапатына жана коопсуздук стандарттарына дыкат байкоо салынарын билдирди.
Буга чейин мекеменин көңүл назарына Монтенегронун эт продукциясы да түшкөн. Өлкө Батышта өндүрүлгөн азык-түлүктү Орусияга экспорттоо жолу катары пайдаланууда деген айыптоолор айтылып келген.