Мамлекеттик кызматкерлерден кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест алуу быйыл алгач ирет уюштурулуп жатат. Пилоттук долбоор түрүндө өткөрүлгөн сынак тестти биринчилерден болуп президенттик аппараттын 15 өкүлү тапшырды.
Сынак эки баскычта өттү. Алгач катышуучулар өзүн баалоо кагазы боюнча тилди билүү деңгээлин текшерип, анын жыйынтыгына жараша лексика, грамматика, аудиодон угуп жооп берүү, окуу, жазуу жана сүйлөшүү боюнча тест тапшырышты. Тил сынагынан өткөндөрдүн дээрлик бардыгы кыргыз тилдүүлөр болду.
Президенттик аппаратын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кызматкери Елена Трегубова тест тууралуу буларга токтолду:
- Тест тапшыруу кыйын деле болгон жок. Анткени мен өзүмө карап экинчи деңгээлди тандап алгам. Анын суроолору жеңилирээк. Мен тилди атайын деле үйрөнгөн жокмун. Менин чөйрөм ушундай, аларга карап үйрөндүм. Ал эми тестте ар кандай суроолор болду. Окуу, жазуу, текстти угуу дегендей... Мага тексттин аудиосун угуу кыйын болду. Бул түшүнбөгөндөн эмес, аны эмне кылышым керек деген суроо жаралды. Болбосо текст жеңил эле экен.
Сынак быйыл жайында бекитилген Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында өтүп жатат. Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен мамилелер бөлүмүнүн жетекчи орун басары Нуржигит Кадырбеков келерки 2015-жылдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин баары ушул тесттен өтөрүн белгиледи.
- Бул президенттин жарлыгына ылайык ишке ашып жаткандыктан алгач ирет мамлекет башчысынын аппаратында иштеген кызматкерлер сыноо иретинде тест тапшырышты. Бүгүнкү сыноодон кийин тест тапшыруу 2015-жылдын 1-январынан тартып расмий түрдө ишке кириши керек. Бара-бара муниципалдык жана мамкызматкерлердин бардыгын ушул система аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшере турган учур келет. Азыр ошого баратабыз.
Тил жана дил маселеси
Үлгү катары берилген тест Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук тестирлөө борбору тарабынан даярдалып, Түркия, Орусия, Жапония жана Италиянын тажрыйбалары эске алынды. Сынактан өткөндөргө тилди канчалык билгендиги белгиленген сертификат берилет. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматовдун белгилешинче, мындай тестти Кыргызстандын каалаган жарандары тапшыра алат.
Анткен менен мамлекеттик кызматкерлердин тест тапшыруусу менен тил өнүгөт дегенге кошулбагандар да бар.
Адабиятчы-окумуштуу Бекташ Шамшиев административдик иш-чаралар аркылуу тилди өнүктүрүү, тилдин коомдук баркын көтөрүү кыйын нерсе экенин белгиледи. Ал кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн башка улут өкүлдөрүн мажбурлабай, өзүбүз сүйлөп, мамлекеттер алдында кыргыз экенибизди билдире алсак, башкалар деле умтулмак деп эсептейт.
- Аппарата иштегендердин көпчүлүгү мамлекеттик тилди билишпейт, оозеки билишсе да сабаттуу текст түзө алышпайт. Көптөрү кыргыз тилин жактырышпайт. Тил билбейт экен деп кызматтан алынган бир да учурду уга да, көрө да элекмин. Андай болбойт дагы. Анткени жооптуу кызматтагылардын көбү тааныш-тамыр, кыргызчылык менен келген. Алардын өздөрү деле кыргыз тилин билүүгө кызыкдар эмес.
Бара-бара муниципалдык жана мамкызматкерлердин бардыгын ушул система аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшере турган учур келет.
Мамлекеттик тил буга чейин саясий маселе катары каралып, көп талкуу жаралып келген. Кыргыз тил меселеси былтыр Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Парламент тилге байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча долбоорлорду жактырган. Анда мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген жобо бар болчу. Мамлекеттик тилде сүйлөбөгөндөр бул эреже алардын конституциялык укуктарын басмырлай турганын айтып, каршы чыгышкан.
Бирок президент Алмазбек Атамбаев парламент кабыл алган бул мыйзам долбоорго кол коюудан баш тарткан болчу. Октябрдын соңунда Кыргызстанга иш сапары менен келген Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өлкөдөгү орус тили маселесине көңүл бурган. Ал кыргыз бийликтерин өлкөдө расмий тил саналган орус тилин өнүктүрүүгө шарт түзүүгө чакырган эле. Мындан улам серепчилер кыргыз-орус мамилелерине көлөкө түшпөс үчүн өлкө жетекчилиги тил жаатында чукул чараларга барбай жатканын белгилешет.