АКШнын мамлекеттик департаменти мындай келишимди тааныбай турганын билдирди. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг орус-абхаз келишими Грузиядагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшө албасын айтса, Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Федерика Майерини аталган келишим Грузиянын эгемендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө шек келтирет деп атады.
Грузиянын Тышкы иштер министри Тамара Беручашвили Орусиянын бул кадамы боюнча Батыштын сын мамилеси Грузия үчүн чоң мааниге ээ экенин журналисттерге айтты:
-Бул кадамды биз аннексияга карай ташталган кадам деп көрүп атабыз. Бизде ошондой эле бул тенденция Түштүк Осетияны да каптайт деген ой бар. Ошондуктан, орус-абхаз келишимине батыштын көргөзгөн сын мамилеси Грузиянын мамлекеттүүлүгү үчүн терең маанилүү.
Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө жикчил Абхазиянын башчысы Раул Хажимба менен жолугуп, Орусия Абхазияга жардамды эки эсе көбөйтөрүн билдирген.
Абхазия жумурияты 1993-жылы Грузиядан бөлүнүп, бир тараптуу өз төбөлсүздүгүн жарыялап алган. БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, Абхазия Грузиянын курамына кирет.