Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

“Ислам мамлекети” тобу лидеринин өлгөнүн танып чыкты


“Ислам мамлекети” тобу өз лидери Абу-Бакр Багдадинин үнү жазылган аудио тасманы таратып, аны өлдү деген маалыматтарды жокко чыгарууну көздөөдө. Өткөн жумада америкалык авиациянын соккусунан жихадчылардын лидери набыт кеткени кабарланган болчу. 17 мүнөттүк аудиотасмада авиа сокку тууралуу айтылбаганы менен андан кийинки болгон окуялар тууралуу сөз бар. Аудио тасмадагы үн жалгыз аскер калмайынча жихад жүрө берерин, АКШнын аракетине карабай, халифат Ливия, Египет, Йемен, Алжир жана Сауд Арабстанга чейин кеңейип баратат деген.

АКШнын коргоо министри Чак Хейгел 13-ноябрда Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Иракта жана Сириядагы антитеррордук куралдуу күчтөр ийгиликке жетишип жатканын айтып, бирок АКШ узакка созулуучу оор кармаштарга даяр болушу керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG