Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Аба ырайы: чукул эскертүү


8-10-ноябрда күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137,198-265 чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала–Бука-Каныш-Кыя (60-100 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

9-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт, күндүз кээ бир райондордо Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз 0...-5, түнкүсүн -1...+4 градус болот. Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн-4...+1, ал эми күндүз 3...8 градус жылуу болот. Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6 градус болоору күтүлөт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз 0...5 жылуу болот. Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз 0...5 жылуу болот.

Бишкекте 9-ноябрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градус, күндүз 2...4 градус болот.

XS
SM
MD
LG