Ачкачылык кармагандардын катары өсүүдө
Бишкектин Горький сейил багында ачкачылык акциясына чыккан үч активисттин катарына 21-октябрда дагы төрт адам кошулду. Электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылган ачкачылык 17-октябрдан бери уланууда.