Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Кытайда 12 адам көчөдөгү кыргын үчүн өлүм жазасына өкүм кылынды


Кытайда сот 12 кишини Шинжаң-уйгур автономдук районунда көчөдө кыргын уюштурган деген айып менен өлүм жазасына өкүм кылды.

Ушул жылдын июль айында бычак-союлдар менен куралданган чоң топ адамдар Яркенд шаарында жана Шинжаңда полиция бекеттерине, ошондой эле өкмөттүк имараттарга кол салган. Ал күнү 37 жайкын тургун набыт болуп, дагы 13 киши жараат алган.

Бул окуя 2009-жылдан берки эң кандуу кол салуу болуп калды. Беш жыл мурда Үрүмчүдө ушул өңдүү кол салууда 200 киши өлтүрүлгөн.

Шинжаң уйгур автономиялуу районунун көпчүлүк калкы уйгурлар. Алар Кытай бийликтерин Шинжаңга миллиондогон хан кытайларды көчүрүп келип, аларга ашыкча колдоо көрсөтүүдө деп сындап жүрөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG