Москвадагы мусулмандардын майрамдык айт-намазы. Быйыл Москва шаарында курмандыкка мал союлган жок. 4-октябрь, Курман айт жан-жаныбарларды коргоонун эл аралык күнүнө туш келгендиктен, айрым коомдук уюмдар бул күнү мал союуга каршы чыгышкан. Мындан улам Москванын мэриясы шаар ичинде курмандык чалууга жана мал сатууга уруксат берген жок.