Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:46

Согушкерлер британиялык Дэвид Хейнстин да башын алды


Британ кайрымдуулук уюмунун кызматкери Дэвид Хейнстин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери тарабынан башы алынып жатканы тартылган тасма чыкты. Видео Хейнстин үй-бүлөсү аны уурдап кеткендерди байланышка чыккыла деп ачык кайрылуу жасагандан бир нече саат өтпөй интернетке жарыяланган.

Британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон Хейнсти өлтүргөн “Ислам мамлекетинин” согушкерлерин "шайтандар" деп атап, “аларды жоопко тартуу канчалык узакка созулса да ишке ашуусу зарыл”, - деди.

Эки баланын атасы, 44 жаштагы Хейнс Шотландиянын Перз аймагында жашаган. Былтыр ACTED аттуу француз кайрымдуулук агенттиги менен иштеп жүргөн жеринен уурдалган.

Жакында АКШнын Жеймс Фоули жана Стивен Сотлофф аттуу эки журналисти да аталган топтун согушкерлери тарабынан башы кесилип, өлтүрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG