Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Израил Палестинанын 400 гектар жерин алгысы келет


Израил Иордан дарыясынын түндүк жээгиндеги Вифлеем аймагында палестиналыктарга тиешелүү болгон 400 гектар жерди өздөштүрүп алууну пландап жатат. Ушундай билдирүү менен чыккан Израилдин аскерий уюму учурда жерге ээлик кылып турган палестиналыктарга бул маселеде бир чечимге келүү үчүн 45 күн мөөнөт чектеди.

Израилдин жарандык администрациясынын өкүлдөрү бул кадамга барууга июнь айында үч өспүрүмдүн ушул аймакта уурдалып, өлтүрүлүшү себеп болуп жатканын билдиришти. Израил өкмөтү балдардын уурдалышына Палестинадагы ХАМАС радикал тобун күнөөлөп келет.

Израилдеги “Азыр тынчтык” бейөкмөт уюму жерди алуу планын сындап, бул кадам эми гана тынчып келаткан Израил-Палестин чатагын кайра ырбатышы мүмкүндүгүн айтты.

XS
SM
MD
LG