Өкмөт башчы бул тууралуу 2-июлда Бишкектин четиндеги Молдовановка айылындагы №31 колониянын абалы менен таанышып жатып айтты.
Абактагылардын көбү коом үчүн кооптуу эмес
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын жабык жайлары батыл реформаларга муктаж экенин баса белгилөө менен Совет заманынан калган кылмыш, жаза мыйзамдарын гумандаштырып, жеңил кылмыш жасагандарды деле түрмөгө тыга бербей акчалай айып салуу, эмгекке чегерүү сымал башка жаза чараларын колдонуу керектигин билдирди:
- Абакта отургандардын 90 пайызы жөнөкөй эле адамдар. Алар эч кандай уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү, же чоң кылмышкерлер эмес. Ошондой адамдарды коомдон изоляция кылыш керекпи же аларды тарбиялап кайра коомго кошуу керекпи? Маселе ушунда болуп жатат. Андай адамдар коом үчүн деле кооптуу эмес. Ошондуктан абактан чыккандарды коомчулукка аралашкыдай кылып тарбиялаш керек.
Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө абактагылардын 70-80 пайызы жаза өтөө менен бирге ар кандай жумуштарда иштешет. Кыргызстанда болсо абакта иш менен камсыз болгондор эркинен ажыратылгандардын 12 гана пайызын түзөт.
Өкмөт башчы жабык жайдагылар мындан ары иш менен камсыздалаарына да ишендирип кетти:
- Азыркы учурда эркинен ажыратылгандардын көбү түрмөлөрдө бош эле жатышат. Эгер алар иштесе өздөрү үчүн жакшы болмок. Анткени эмгек адамды тарбиялайт, ошол эле учурда акчалай киреше алып келет. Азыркы учурда кытайлык “Кайди” ишканасы абактагы 500 адамды иш менен камсыз кылганы жатат.
Реформага муктаждык
Тоок уурдагандардан бери түрмөгө отургузуп, алардын тагдырына балта чабуу туура эмес. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбеков билдирди. Анын айтымында, кокустуктан жасалган жеңил кылмыштардын жазасын жеңилдетип, ошол эле учурда оор жана өтө оор кылмыш жасагандарга эч кандай мунапыс бербеш керек.
- Адам өлтүрүү, зордуктоо, уурулук беренелери боюнча соттолгондорго кечирим бербеш керек. Коррупционерлер, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мунапыс каралбашы керек. Бизде айрым учурларда оор кылмыш жасап, мамлекетке миллиондогон зыян алып келгендер мунапыстын негизинде кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетип жатышат.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин пикиринде, оор жана жеңил кылмыш жасагандарды абактарда өз-өзүнчө бөлүп кармабаса, кокустуктан кылмышка баргандар деле абактан жашоого жарамсыз болуп чыгууда. Ошондой эле жабык жайлардагы кыйноо фактыларынын көп катталышы бул тармактын реформага муктаж экенин далилдейт:
- Бир жолу соттолгон адам менен бир нече жолу соттолгондор да бир камерада кармалат. Кокустуктан кылмышка барып калгандар оор кылмыш жасагандар менен аралашып, жашоого болгон көз карашы тескери жакка өзгөрөт. Өзгөчө аялдар бат бузулуп кетет. Биздин абактар эркинен ажыратылгандарды тарбиялагандын ордуна, аларды жашоогот жарамсыз, үмүтсүз кылып даярдаган жайга айланды.
Кыргызстанда эркинен ажыратылгандардын жалпы саны 10 миң болсо алардын 6 миңи түзөтүү колонияларында, 2 миңи жатак абактарда жана дагы 2 миңи тергөө абактарында отурушат. Өмүрүнүн акырына чейин соттолгондордун саны 200дүн тегерегинде. Жыл сайын жабык жайларда 60ка жакын адам ар кандай себептерден улам каза табат.