Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин Европадагы жаңы адабий агымга жакындаштырылып жазылган “Жанжаза” аттуу чыгармасы азыр жергиликтүү адабий чөйрөдө кызуу талкууга түшүп жаткан кез.
Жинди коом, жиниккен дүйнө
Жазуучу Султан Раевдин «Жанжаза» романы терең психологиялык, философиялык чыгарма . Автордун айтымында, романда мезгил менен мейкиндик бири-бирине бекем жуурулушуп, адам жашоосунун түбөлүктүү дөөлөттөрү тууралуу ой козголот. “Жанжаза” романынан негизинен бүгүнкү - сойкусу, чоң муштуму, кылмышкери, катынпозу, алдамчысы, саясатчысы, акыны, аракечи, падышасы, кулу, баскынчысы, ыйыгы, сулуусу, маңыроосу, фанаты, кошоматчысы, баласы, даанышманы аралашкан бүгүнкү жинди коомду көрсө болот.
Анда жети жинди Ыйык жерге барып тазалангысы, өткөн күнөөлөрүн жуугусу келет. Бирок Ыйык жер кайда экенин билбейт. Акыры табат. Көрсө Ыйык жер адам баласы тебелеп турган жердин өзү экен. Бирок аны тапканга чейин эмне деген гана окуялар өтпөйт. Чечинген сулуу аялдай болгон жалган дүйнө азгырыгы. Кудайды, Куранды тепселеген, Жаратканга тең ата болгусу келген адамдар. Аял, дүйнө, атак-даңк азгырыгы үчүн кыйроого учураган, өрттөлгөн шаарлар, жерди селдей каптаган кан, карга-кузгунга жем болгон сөөктөр.
Чыгарманын негизги өзөгү адамдын жанкумары менен жанжазасына арналгандыктан - мында аял-эркектин ортосундагы төшөк мамилелери тууралуу да сөз болгон. Аялдык кумары кутурткан тарыхтагы ханыша, 1001 аялдын кучагында балкып, акыры тирүүлөй Кудайдын жазасын тартып сойкуканадан өзүнүн кайсы бир аялынан боюнда кеткен кызы менен бир төшөктө жатып калган бүгүнкү күндөгү жинди атанын трагедиясы ачык сүрөттөлгөн.
Романдагы мына ушул көрүнүштөр кыргыз адабий чөйрөсүндө кызуу талаш-тартыштарга жем таштады. Акын Карбалас Бакиров бул роман кыргыз адабиятына жаңылык алып келгенин белгилейт:
- Султан Раевдин “Жанжаза” романы кыргыз прозасындагы жаңы чыгарма. Мурдагы чыгармаларга эч окшошпойт. Мында жети жинди жиндиканадан качып чыгат. Алар - Император (Лир дагы), Лир, Клеопатра, Таис Афинская, Чынгызхан, Искендер Зулкарнайн. Баары бул ааламга белгилүү адамдар. Будда дининде өлгөн адам мурунку жасаган күнөөлөрү үчүн кайра жашоого ит, кумурска болуп жаралып өз азабын тартат. Ошол сыяктуу бул жерде жиндиканадан качып чыккандар өз азаптарын тартат. Бирок алар жиндиканадан таза жерди издеп качып чыгышат. Ошол эле учурда бул чыгармада Куран тууралуу дагы сөз бар.
Карбалас Бакиров аталган чыгарма бүтүндөй адамзат дөөлөттөрүн камтып, түбөлүктүү темаларды жаңы ыкмада шөкөттөгөнү менен баалуу экенин да кошумчалады.
Кыргыз адабиятына жаңылыкпы?
Анткен менен «Жанжаза» романы коомчулукта катуу сынга да кабылды. Акын, жазуучу Олжобай Шакир бул чыгармага жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу алгачкылардан болуп сын айткандардын бири:
- Мен бул чыгарма колума тийгенде бир дем менен окуп чыга алган жокмун негедир. Себеби башталганда эле автордун эмне айткысы келгени ачылып калат экен. Мындай кезде алдыдан эч нерсе деле күтпөй калат эмеспизби. Автор окурманды финалга жетелей алган эмес. Ушундан улам аны аягына чейин чыга албай койдум. Бул мен көп жылдан бери абдан күткөн чыгарма эле. Себеби илгери гезит беттерине жарыяланып келген. Мында романдын структурасы чачкын болуп калган.
Олжобай Шакир романдын жакшы жагы катары Чынгызхан бөлүгүн өзүнчө чыгарма катары бөлүп кароого толук мүмкүн экенин, кыргыз жазуучусу дүйнө жүзү билген жаангерди башкача ракурстан көрсөткөнүн белгилейт. Бул бөлүктө Чынгызхан койнуна алып жаткан тунгут кызы бир кезде өз канынан жаралганын туйгандан кийинки драматизм улам күчөй берет.
Султан Раев бул романын токсонунчу жылдардын башында жазып баштаган. Анын үзүндүлөрү ошол жылдары эле айрым гезит беттерине “Акыркы пайгамбар” деген ат менен жарыяланган. Жазуучу өзү бул романы Европадан башталган “жаңы роман” агымына жакындыгын айтып, жыйырма жылга жакын убакытты камтыган эмгеги талаш-тартыш жаратып жатканын жакшы көрүнүш катары баалайт:
- “Жанжаза” романы боюнча ар кандай көз караштар, ар кандай позициялар айтылып жатат. Алардын арасында адабиятчылар, илимпоздор, карапайым окурмандар да бар. Ар биринде эле роман боюнча карама-каршылыктуу ойлор айтылууда. Мен мындай көрүнүштү жакшы нерсе деп ойлойм. Себеби адабий чыгарма сөзсүз түрдө резонанс жаратыш керек. Менимче, роман жөнүндө ар кандай көз караш айтылып жатканы - окурмандардын кайдыгер эместиги.
Жазуучу, драматург Султан Раев кыргыз окурман журтчулугуна сексенинчи жылдары “Чаң жол” аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы менен таанылган. Андан кийин “Күн кармаган бала” аттуу повести да адабий чөйрөдө жакшы бааланган. Адабий сынчылар жазуучунун соңку эмгеги - “Жанжаза” романы да кыргыз адабиятына жаңылык алып келгенин белгилеп жатышат.