Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

Казакстандык диссиденттин абалы начарлады


Казакстанда камактагы диссидент акын Арон Атабектин саламаттыгы кескин начарлаганы кабарланууда. Бир айдай мурун Павлодардагы түрмөнүн жетекчилиги аны жалгыз камерага которгон.

Акын ден соолугу жөнүндө абактан жашыруун жөнөткөн катында жазат. Анын айтымында, абактагы кайтаруучулар бир нече убакыт мурун сындырган буту шишип кеткен жана катуу ооруп жатат. Атабектин жубайы Жайна Айдархан "Азаттыкка" айтып бергенине караганда, 21-майда күйөөсүн белгисиз себептерден улам жалгыз камерага которушкан. Түрмө жетекчилиги бул маалыматты комментарийлөөдөн баш тартты.

60 жаштагы акын 2007-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келатат.

XS
SM
MD
LG