Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Эл аралык футбол федерациясы коррупцияга шектелүүдө


2022-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты Катарда өткөрүү чечимин кабыл алгандан кийин Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) коррупцияга байланышкан айыптоого кабылды.

Ишембиде Sunday Times гезити ФИФАнын аткаруу комитетинин мурдагы мүчөсү Мухаммед бин Хаммам Катарды колдоо үчүн Азия өлкөлөрүнө бир миллион 700 миң доллар берген деген маалыматты жарыялады.

Ошондой эле Хаммам Таиланддын футбол федерациясынын аткаруу комитетинин өкүлү Ворави Макудиге өкмөттүк деңгээлде ондогон миллион долларлык газ келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурганы маалым болду.

Британиялык гезит жазгандай, Орусиянын президенти Путин менен Катардын расмий адамдары 2018 жана 2022-жылдардагы чемпионаттарды өткөрө турган өлкөлөрдү аныктоодо Макудини чакырганы белгилүү болду. 2018-жылы дүйнөлүк чемпионат Орусияда, 2022-жылы Катарда өтөт.

ФИФАнын көз карандысыз комитети айыптоолор боюнча иликтөө баштады. Катар болсо мунун баарын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG