Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Чолпонбайдын эрдиги китеп болуп чыкты


Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги менен өмүрүн, мурда элге белгисиз жактарын толук камтыган архивдик материалдар алгач ирет китеп болуп чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик архив агенттигинин маалымат-технология борборунун жетекчиси Аскат Назаралиев "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин айрымдар Чолпонбай Түлөбердиев орус аскери Матросовдун эрдигин кайталаганын айтып жүрүшкөн. Китепте Түлөбердиев 1942-жылы августта эрдик менен каза тапса, Матросов дал аныкындай эрдик менен 1943-жылы мерт кеткени жазылат.

Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Талас облусунда туулган. 1941-жылы согушка аттанган. Дон дарыясына жакын жерде дзотко көкүрөгүн тосуп, каза тапкан. Муну менен советтик аскерлердин фашисттерге чабуул коюшуна мүмкүнчүлүк жараткан.

1943-жылы ага Советтер Союзунун баатыры наамы берилген. Чолпонбайдын ысымын учурда өзү туулган айылы алып жүрөт. (АТе)

XS
SM
MD
LG