Ошто азыр "көпүрө" деген сөз ар бир шаардыкты кыжаалат кылат. Негизи Ак-Бууранын эки өйүзүн, башкача айтканда шаардын эки тарабын 4 көпүрө бириктирет. Алар Б. Нурматов көчөсү, Р. Абдыкадыров көчөсү, А. Навои көчөсү жана Т. Касымбеков көчөсү. Өткөн жылы башталган Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу ара жолдо калгандыктан, азыр ал жерде каттам токтогон. Касымбеков көчөсү болсо шаардын четинде. Нурматов көчөсү да борборго жакын эмес. Натыйжада, унаанын баары Абдыкадыров көчөсүнө туура келип, андагы көпүрөгө күч келүүдө. Ушул себептен улам пайда болгон автотыгын элди кыйнап келет.
Ош: көпүрөлөрдүн чечилбеген көйгөйү

21
Шаардын эки тарабын бириктирген 4 көпүрөнүн бири Б. Нурматов көчөсү. Бул көпүрө Курманжан датка кичирайону менен Фрунзе кичирайонуна кетчү автоунааларга ыңгайлуу. Көпүрө эгемендик алган жылдарга чейин курулган. Адистердин айтымында, азырынча абалы канааттандыраарлык.

22
Көпүрөлөрдүн айрым жерлери көчүп, сына баштаганы байкалат.