Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Украина: Янукович Орусия менен келишимди коргоду


Украинанын президенти Виктор Янукович Орусия менен түзүлгөн газ жана насыя боюнча келишимди коргоп чыкты. Анын айтымында, бул келишим Украинанын Евробиримдик менен мамиле түзүүсүнө эч кедергисин тийгизбейт. Янукович оппозиция лидерлерин он миңдеген адамдарды аянтка алып чыгып, ыңкылап жасаганга аракет кылды деп сындады. Ошондой эле ал демонстрациялар маалында өлкөгө айрым батыш саясатчыларынын келишине кыжырданганын билдирди.

Украин президенти чындыгында эл арасында кадыр-баркынын төмөндөгөнүн сезсе, 2015-жылкы шайлоого катышпай турганын да кошумчалады.

17-декабрда Орусия Украинага төмөн баада газ жана 15 миллиард долларлык насыя берүүгө макул болгон. Муну орус бийликтери “бир туугандык” жардам катары сыпаттаган. Бирок евроинтеграцияны жактап төрт жумадан бери Киевде демонстрация өткөрүп жактан оппозиция бул жардамды Украинаны Евробиримдиктен алыстатуу аракети катары сындап чыкты.

XS
SM
MD
LG