- Эгер кооптуу деп ойлосоңуз, аты-жөнүңүздү айтпай эле коюңуз. Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз.
- Аты-жөнүм Ахмаджон Хошимов. Кыргызстандын Кызыл-Кыя деген жеринен болом. 47 жаштамын. Эки аялым бар. Бирөө Орусияда, бирөө Кыргызстанда. Эки аялымдан 5 перзентим бар. Өзүм Сириядамын.
- Ал жакта эмне кылып жатасыз?
- Бул жакта иншалла, жихад кылып жатабыз.
- Ал жакка качан, кандайча барып калдыңыз?
- Сирияга келгениме 6 айга жакын убакыт болду.
- Ошончо убакыттан бери жихадда жүрөсүз, туурабы?
- Иншалла, ошондой.
- Сирияга баруу чечимин кандайча кабыл алдыңыз?
- Биз Сириядагы жихад тууралуу Орусияда, Кыргызстанда жүрүп атайын окууларда укканбыз. Молдокелер окутушат болчу. Алгач Иракка, Ооганстанга жихадга баруу тууралуу сабактар болгон. Бирок ал өлкөлөргө баруу үчүн жол таба алган эмеспиз. Алла жолубузду ачып, Сирияга келүү насип этти. Бул үчүн Түркиядагыларга ыраазычылык билдиребиз. Түркия өкмөтү өз өлкөсүнө кирүүгө тыюу салган эмес. Ал жакка барып, андан соң Сириядагы жихад аянтына келүү оңой болуп калды. Молдокелер бизге сабак өтүп жүргөн учурда пайгамбарыбыз Мухаммед саллоллоху алейхи вассаламдын хадистеринен айтып берчү. Ошондой хадистердин биринде пайгамбарыбыз “Сирияда жихад болот, Сирияда халифат орной баштайт”, - деп айткан экен. Ошондон улам келдик.
- Сиз азыр согушта жүрөсүз, кооптуу абалдасыз. Бирок ушуга жеткиргени үчүн кудайга шүгүр кылып жатасыз. Келиңиз, балалыгыңызды эстеп көрөлү. 47 жашка киргенге чейинки жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз. Кандай үй-бүлөдө тарбияландыңыз, кайсы мектепте окудуңуз?
- Атам шахтер болгон. Апам эч жерде иштеген эмес. Үй-бүлөдө тогуз бир тууганбыз. 7-8 жашымда чоң энем дин тууралуу айтып берип жатып,” убагы келгенде кай бир өлкөлөрдө ислам дининин тарапкерлери көтөрүлө баштайт, ошондо сен чекеде калып кетпе. Сөздөрүмдү чоңойгондо түшүнөсүң”, - деп айтаар эле. Ошол кездери ыраматылык чоң энем Маргилан (Баткен облусуна чектеш Өзбекстандын шаары - ред.) шаарына барып, динден сабак алып келчү. Паранжасын башынан алчу эмес. Көчөдө баратканда айрымдар чоң энемдин паранжасын жулуп кетишет эле. Кайра тагынып алып, жолун улай берчү.
- Бул 1960-жылдардын аягындагы окуяларбы?
- Ооба. Ошол кезде биз ал жактан китеп ташыйт элек. Кандай китептер экенин билчү эмеспиз. Чоң энем “чоңойгондо билип аласыңар“ деп айтчу. Ал кишинин айткандары баары туура чыгып жатат. Буга мен кубанычтамын. Иншалла, бейишке алып баруучу жолдомун.
- Демек, сиздин дин жолуна кирүүңүзгө негизги себепчи чоң энеңиз болгон экен да?
- Ооба. Бирок апам ыраматылык, “жаш баланын башын айлантып эмне кыласыз?”,- деп чоң энемди көп урушчу. Намазды атамдан үйрөнүп, 90-жылдардын башынан окуй баштагам.
- Жихадга чакырган устаттарыңыз ислам дининин радикал канаты астындагы кишилер экени айтылат. Алар менен кантип табыштыңыз?
- Абыд кары акенин шакиртинен дарс алганбыз. Биздин устатыбызды Сургутта (Орусия) киллер өлтүрүп кеткен. Ал киллер интернеттен тасмаларды таратып, устатыбызды атканын айтып жүргөн. Өзбекстандык болчу. Аны Ооганстанда Тахир Юлдашевдин адамдары кармап, өлтүргөн.
Устаттарыбыз жихад жөнүндө үйрөтүп жатып, илими, каалоосу бар адам гана жихадга барса болорун айтчу. Устатыбызды атып кеткенден кийин сабак алууну 5-6 жылга токтотуп да койдук. Сирияда жихад башталгандан соң, халифат орногонго чейин барып салым кошолу деген максатта келгенбиз.
- Жихад таалимин канча жыл үйрөндүңүз?
- Он жылдай аралыкта үйрөндүм. Интернеттен Тахир Юлдашевдин тасмаларын көрүп, көп нерсе үйрөндүм.
- Өзүңүздүн кесибиңиз ким, билимиңиз кандай?
- Наавайчылык менен алектенгенмин. Сургутка барып да дүкөн ачып иштегенмин. 27 жашымда менин 100 миң доллар акчам болгон. Эми байлыктан да көңүл калды. Ал алдамчы нерсе экен.
- Жыйырма жыл мурун 27 жаштагы жигиттин колунда 100 миң доллар болушу ишенимдүү эмес го...
- Мени тааныгандар да айтып бериши мүмкүн. Ишкерлик жумушум ийгиликтүү болчу. Беш жыл мурун ишкерликти таштадым. Жашоом жаман эмес. Кыздардымды жакшы күйөөлөргө узаттым.
- Байлыктан көңүл калып, шарият жолун тандапсыз. Бирок мындан башка да жолду тандасаңыз болмок да. Мисалы, ошол акчаңызды мекендештериңиздин бала-чакасын билимдүү кылганга жумшасаңыз болмок. Орусияда мандикер болуп жүргөн тааныштарыңыздын жашоосун жакшыртууга сарптасаңыз болмок. Эмне үчүн бул жолду тандаган жоксуз?
- Убагында уулумду окутайын да дедим. Карасам, же милиция, же прокурор болушу керек. Андай болгон күндө адамдарды капа кылып, акчасын алышы керек болот. Же арак сатышы керек. Мен аны каалаган жокмун.
- Илим алуу деген милиция же прокурор гана болуу деген эмес го...
- Бирок уулумдун колунда өнөрү бар. Наавайчылык кылат. Киевде да нан жаап иштеп жүрдүк. Акча тапканга дилгир. Биздин каалоо - бейишке кирүү. Алгач халифатты аман-эсен орнотуп алсак, сиз айткандай, муктаждарга жардам берүүгө үлгүрөбүз. Ага чейин алкымы бузуктардын заманына чекит коюш керек. Буйруса, ал күн алыс эмес. Ал күндүн жакын экени аябай кубанычтуу.
- Сиз халифат Сирияда орнотулушу кубанычтуу деп жатасызбы же жер жүзүндөбү?
- Бүтүндөй жер жүзүндө орнойт.
- Жер планетасында канча адам жашайт, билесизби?
- Алты миллиард болушу керек...
- Халифат орнотуу аракети менен ошол сиз айтып жаткан миллиарддаган кишилердин дин тандоо укугунун бузулушун да билесизби?
- Алар Ислам динине кирбей эле жашашы да мүмкүн. Мен мусулмандар жашаган өлкөлөрдө Алланын буйруктары өкүм сүрүшүнө жакын калды деген ойду айтайын деп жатам.
- Сиздин диний илимиңиз кандай, Куранды толук билесизби?
- Жок, "Алхамду" (Фатиха -ред) сүрөөсүн да чала билем.
- “Алхамдуну” чала билген адам халифат курууга аракеттенип жатканынын өзү түшүнүксүз эмеспи? Балким Куранды толук окуп чыксаңыз бул ойлоруңуздан кайтаарсыз?
- Диний илими мыкты кишилер аябай көп ээ? Бирок аларга жихад майданына келүү насип этпеди. Ошончо илими менен алар эмес, мен келгениме Аллага шүгүр кылам.
- Куранды мыкты билгендер жихадга барбай жатса, демек сиз тандап алган жол илимсиз адамдын жолу болуп жатпайбы? Ушул жагын ойлодуңузбу?
- Жок, биздин арабызда да Куранды жакшы билген илимдүү адамдар бар. Ал кишинин атын айтууга азыр эрте. Убагы келгенде билип аласыз. Ал киши азыр бизге амирлик кылат. Өзү өзбекстандык. Аябай илимдүү киши. Жумасына 3 жолу көрүшүп турабыз.
- Сиз өзүңүз илимсиз экениңизди моюнга алып жатасыз. Амириңиздин илимдүү экенин эмнеге негиздеп айтып атасыз?
- Ар үч күн сайын ал киши бизге дарс өтөт. Бул жерде азыр өзбектердин эле саны 500гө жетет. Ал киши сабак өткөндө аябай эс алабыз. Ушунун өзү эле анын илимдүү экенин айтып турбайбы. Амирибиз бизге жол көрсөттү. Ага жолукканга чейин Сирияда башчысыз калган койдой эле болуп жүрдүк эле...
Маектин аудиосун бул жерден уксаңыз болот
"Азаттык:" Маек өзбек тилинен кыскартылып которулду. Которгон Санжар ЭРАЛИЕВ