Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” келишимин бузууну тапшырды


Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн тендерди текшерүүгө алып, келишимди бузууну өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын маалымат кызматы билдирүүдө. Өткөрүлгөн тендерге ылайык, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен Beijing Construction Engineering Group компаниясынын жетекчилиги келишимге кол койгон. Аталган долбоор 4 млрд. 500 миңден көбүрөөк сомго бааланган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, тендер каржылоо булагы жок өткөрүлгөн. Мында “Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамы бузулган.

Былтыр Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол унаа жолуна видеокөзөмөл камералары орнотулуп, кылмыштардын бирдиктүү борбору түзүлмөк. Көзөмөл камераларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, Beijing Construction Engineering Group компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Буга чейин Юстиция министрлиги бул тендерди өткөрүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын билдирип чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG