Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:18

Ошто кыздарга хижабчан жүрүүгө уруксат берилди


Ош шаарынын жетекчилиги мектепте окуган кыздардын жоолукчан жүрүүсүнө каршы эмес. Бүгүн шаар мэри Мелис Мырзакматов жыйын өткөрүп, өлкөдө бирдиктүү мектеп формасы тууралуу мыйзам жок болгондуктан кыздардын хижабчан жүрүүсүнө тыюу сала албасын билдирди. Ал кыздардын укугун бузбоого чакырды.

Соңку жылдары мектепке жоолукчан барган кыздардын маселеси Кыргызстанда актуалдуу болууда. Алардын ата-энеси кыздарынын укугу бузулуп жатканын, мектептен куугунтукка кабылганын айтып даттанып келет.

Ал эми Билим жана илим министрлиги 2011-жылы өкмөттүн жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө токтому чыкканын, ага ылайык ар бир окуучу мектеп формасын кийиш керек экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG