Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Жалал-Абад: облустук бийликти басып алуу боюнча сот уланды


Бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда облустук бийликтин имаратын ээлеп алды деп күнөөлөнүп жаткан 4 кишинин соту уланды.

Жараян учурунда күнөөлөнүп жаткандардын адвокаты Турат Сулайманов иш кайрадан тергөөгө жиберилишин соттон суранды, бирок судья ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Бүгүнкү сотто да акыркы чечим чыккан жок. Нааразы тарап тарап он күн ичинде ишти кайра тергөөгө тапшырууну сурап, облустук сотко кайрылышы мүмкүндүгү айтылууда.

“Ата Журт” партиясынын аймактагы активисттери Медер Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Жеңишбек Токторбаев жана Абсатар Сыргабаев "бийликти күч менен басып алган", "күч менен басып алууга чакырган" жана "массалык башаламандык уюштурган" деп күнөөлөнүүдө. Алар күнөөнү мойнуна албай келет.

31-майда Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алганда аны колдогондор Барпы айылынын тушунда Ош-Бишкек жолун буушкан. (YA)

XS
SM
MD
LG