Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Элон Маск күн энергиясы менен иштечү транспортту сунуш кылды


Америкалык ишкер-инженер Элон Маск жарыялаган концепция боюнча, күндүн кубаты менен иштечү Hyperloop Лос-Анжелес - Сан-Франциско ортосундагы 650 чакырымды 30 мүнөттө басып өтөт. Атайын трубанын ичи менен жүргүнчүлөрдү ташыган капсула саатына 1100 чакырымдан ылдам жүрөт деп боолгонууда.

Миллиардер – инженер PayPal онлайн төлөө кызматын, люкс электромобилдерди жасоочу Tesla Motors фирмасын жана ракеталарды куруучу SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү. Маалымдалганга караганда, жаңы транспорттун жол акысы кадимки поезддей эле болот.

Esquire журналы Элон Маскты 2008-жылы XXI кылымдагы эң таасирлүү 75 адамдын бири деп жарыялаган. Ага 2011-жылы космосту коммерциялоого кошкон салымы үчүн "Ханлайн" сыйлыгы ( 500 миң доллар) ыйгарылган, Forbes журналы Маскты 40 жашка чейинки 20 чыгаан ишкер-менеджердин бири деп атаган.

XS
SM
MD
LG