Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Жалал-Абаддагы бийлик талаш боюнча иш сотко өттү


Жалал-Абад облустук бийлигинин имаратына кирип баргандар,31-май, 2013.
Жалал-Абад облустук бийлигинин имаратына кирип баргандар,31-май, 2013.

УКМК облустук бийлик имаратын ээлеп алуу боюнча козголгон кылмыш ишти тергеп бүтүп, шаардык сотко жиберди.

Быйыл 31-майда митингге чыккан “Ата-Журт” партиясынын тарапкерлери облустук бийликтин имаратын ээлеп алып, өздөрүнө губернатор шайлап алышкан эле. Бул окуя боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон.

Баш прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов бул иш боюнча төрт адамга айып угузулуп, иш Жалал-Абад шаардык сотуна жиберилгенин “Азаттыкка” билдирди:

- УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармасынын тергөө бөлүмү тарабынан 2013-жылдын 31-май күнү болуп өткөн Жалал-Абад облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн административдик мекемесин басып алуу боюнча козголгон кылмыш ишти тергөө аяктады. Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен чогултулган далилдерге ылайык, төрт адамга Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 295 жана 297- беренелери менен айыптары угузулган. 2013-жылдын 5-июль күнү Жалал-Абад прокуратурасы тарабынан жогорудагы адамдарга карата айыпкер катары жоопко тартуу токтомдору бекитилип, кылмыш иши Жалал-Абад шаардык сотуна кароо үчүн жиберилди.

Бирок «Ата-Журт» партиясынын шаардагы координатору Жеңиш Токторбаев өзү менен кошо үч адамга козголгон кылмыш иштин сотко өткөнүнөн кабарсыз болуп чыкты. Ал бийликти ээлөөгө митингчилерди чакырбаганын, бирөөгө залака келтирейин деген ою болбогонун айтат:

- Бизге козголгон кылмыш иштин ичинде мага “митингдин лидери жана уюштуруучусу” деп күнөө коюлду. Бирок ал жерде менин эч кандай күнөөм жок, эл деген эл экен, көпчүлүк экен... Бир жарым миңдей киши болду. Тескерисинче, мен аларга койгула, мындай болбойт, мыйзам боюнча иш туталык десем эл укпай, облустук администрациянын имаратына кирип кетти. Мен тергөөчүгө да жазып бергем, менин эч кандай айыбым жок, бийликти алуу максатыбыз болгон эмес. Эгер сот туура эмес чечим чыгарса, дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Мамлекетте мыйзам иштеп, жарандардын баары ага баш ийүүсү абзел. Мына ушундай көз караштагы шаар тургуну Абдулла Насиров мыйзамга каршы иш кылгандар жазаланбаса, өзүм билемдикке жана баш аламандыкка апкелет деп эсептейт:

- Мыйзамды катуу кармабасак, жакшы болбойт. Бир жерди басып алабы, жол тособу, буга кимдир-бирөө баары бир жооп берүүсү керек. Маселен, мен да бирөөнүн үйүнө кирип, аны ээлеп алсам боло береби? Андай болбойт да. Тартип болуусу керек, тартип сакталбаса мамлекетибиз кантип өнүгүп-өсөт?

«Атажуртчу» үч депутат камалгандан тарта облустагы кырдаалды акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова байкоого алып турган. Анын айтымында, депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө эле митингчилер имаратка кирмек да, жол тосмок да эмес:

- Митингчилердин максаты - коомчулуктун, бийликтин көңүлүн өзүнө буруу болду. Аларды өчөштүргөндөй соттук отурумдар кайра-кайра артка калтырыла берди. Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдун жактоочулары менен шайлоочуларына бийликтин кереги жок эле. Буларга Батукаевдин бошотулушу да резонанстуу болду, биздин депутаттар Батукаевче жокпу дешип... Бийлик буларды укпай, таштап койгондой болду да, кайрылса да укпайт. Ак үйгө баатыр энелер барса да, аксакалдар барса да укпай коюшпадыбы. Канча митинг өттү, боз үйлөр тигилди.

Акыйкатчы өкүлүнүн болжолунда “атажуртчу” үч депутат абактан чыккандан кийин облуста тынчтык өкүм сүрүүдө. Кыязы кырдаал эми кийинки сот иштеринин чечимине жараша өзгөрчүдөй өңдөнөт.

31-майда Жалал-Абад облустук бийлигинин имаратын ээлеп алгандар лидери Медер Үсөнов камалган соң аны бошотуу талабы менен 2-июндан тарта үч жарым күн Ош-Бишкек жолун тосуп турушкан.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG