Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Путин бейөкмөт уюмдарды текшерүүнүн себебин түшүндүрдү


Орус президенти Владимир Путин текшерүүлөр бейөкмөт уюмдар ишмердигинин өз максаттарына жана орус мыйзамдарына шайкештигин аныктоо үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирип, тартип коргоо органдарын аша чаап кетпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бейшембиде Орусиянын омбудсманын кабыл алуу учурунда айтты.

Укук коргоочу уюмдардын ассоциациясынын эсебинде акыркы бир айда коммерциялык эмес уюмдардын кеминде 40тан ашууну күтүүсүз текшерүүгө кабылышкан. Алардын ичинде Мемориал, Transparency International жана Human Rights Watch сыяктуу кадыр-барктуу уюмдар да бар. Бейөкмөт уюмдар бул текшерүүлөр аларды коркутуу максатында атайлап жасалып жатат деп сынга алышууда. Буга байланыштуу Евробиримдик менен АКШнын Мамлекеттик департаменти Орус бийликтеринин бул кадамына тынчсыздануусун билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG