Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Дүйнөдө жумушсуз жаштар көбөйдү


Испания - жумуш издеген жаштар иш менен камсыздоо борборунун алдында турушат.
Испания - жумуш издеген жаштар иш менен камсыздоо борборунун алдында турушат.

Глобалдык кризис дүйнөдө жумушсуз жаш муунду жаңы сыноолорго түртүүдө. Ааламда азыр иш таба албаган жаштардын саны арткан сайын социалдык нааразылыктын жаңы толкундары да тынчсыздандыра баштады.

23 жаштагы Акмал Дилдорбек Тажикстанда университетти аяктаганына эки жыл болду. Ошондон бери, өзүнүн көпчүлүк курдаштарындай эле, Акмал ишсиз жүрөт.

“Азаттыкка” сүйлөп жатып, ал азыр эми жалгыз эле жол – Орусияга иш издеп барыш – калганын айтат.

“Азыр ишим жок, үйдө отурам. Өзүм компьютер боюнча программистмин. Банктарга, ар кайсыл ишканага иш издеп кайрылдым. Азыр деле жумуш издеп жүрөм. Эч нерсе табылбаса, Орусияга мигрант болуп кетишим керек”, - дейт ал.

Акмал Дилдорбек – глобалдык экономикалык кризис маалында өнүгүп келаткан мамлекеттерде катары улам кеңейген жумушсуз жаштардын бири.

Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Эл аралык Эмгек кору кабарлагандай, ушул тапта дүйнөдө 15-24 жаштын тегерегиндеги жаштардын 75 миллиону жумушсуз жүрөт. 2007-жылы глобалдык финансылык кризис башталгандан бери иши жок жаштардын саны 4 млн. адамга көбөйгөн.

Жумушсуздар армиясы

Жаш муун иш издөөдө туш болуп жаткан кыйынчылыктар - жалпы эле жумуш рыногундагы терең кризистин белгиси. Эл аралык Эмгек уюмунун Бангкокдо жаштар жумушсуздугу боюнча адиси Мэттью Когнагдын айтымында, жаштар арасындагы жумушсуздук, улуу муундун өкүлдөрү менен салыштырганда, үч эсе жогору.

“Жаштар дискриминациядан, башкаларга караганда, көбүрөөк жабыр тартат, - дейт эксперт. - Экономикалык өсүш бар жерде жаштар эң акыркы болуп жумушка алынат. Экономикалык кризис учурунда алар биринчи болуп иштен айдалат”.

Евробиримдикте азыр 25 жашка чейинки ар бир бешинчи адам жумуш таба албай жүрөт. Көптөгөн жаштарды ишканаларда толук иш күнүнөн жарым күндүк ишке же такыр эле айлык акысы расмий көрсөтүлбөгөн “кара жумушка” түртүшүүдө.

Жумушсуздук өзгөчө Испания менен Грецияда күчөдү. Ал жерде мектепти жана колледжи бүтүргөндөрдүн жарымы ишсиз калган.

Дүйнөдө жаштар эң көп деп эсептелген Азия-Тынч океан регионунда да жумушсуздук боюнча абал ич жылытарлык эмес. Азыр Тайванда жана Филиппинде ар бир алтынчы, Индонезияда ар бир бешинчи жаш адис ишсиз отурат.

“Европада азыр жаңы жумуш орундарын түзүүгө көп көңүл бурулууда. Адамдарга иш орундары жетпей жатат. Азияда да жаңы жумуш орундарын түзүүгө аракет кыла башташты. Бирок ал иштерде адамдарга социалдык колдоо жагы каралганбы? Маселе ушунда, - дейт Когнаг. - Жаштар кээде укугу корголбогон, айлыгы төмөн начар иштерге макул болууга мажбур”.

“Социалдык бомба”

Жыл сайын дүйнөдө ишсиз отурган жаштардын саны 40 млн. адам менен толукталууда. Мунун кесепети коомдордогу коопсуздукка өтө оор болоорун эскертип, азыр эксперттер “дүйнө экономикалык жана социалдык бомбанын үстүндө отурганын” айта башташты.

Маселен, жаштардын күчү толук пайдаланылбаган, калкы улам картайып бараткан өлкөлөр үчүн бул өтө опурталдуу көрүнүш. Жаштар арасында иштегендер аз болгон жерде салык да аз төлөнөт, демек, мамлекет пенсия, социалдык төлөм өңдүү милдеттерин жакшы аткара албайт. Жумушсуз жүргөндөрдүн ичинде иш тапкандары аз болот, алар өмүрүнүн аягына чейин татыктуу киреше берген ишке жете албайт деген коркунуч жогору.

Эл аралык кызматташтык жана Өнүгүү уюмунан билдиришкендей, узак убакыт жумушсуз жүргөндөрдүн абалы көбүнчө “жакырчылык, ден соолугунун начардыгы, балдарынын мектептерге барбай же начар билим алышы” менен коштолот. Акыр аягында мунун баары жаштар арасында өз өлкөсүндөгү өкмөттөргө таарынычты, социалдык нааразылык толкундарын жаратат.

Буга эң эле ачык мисал - былтыр Түндүк Африкадан тарта Жакынкы Чыгышка чейинки аймакты толук кучагына алган нааразылыктардын айтылуу “араб жазы”.

Андан сырткары, кризистен кийин белин бууп, чыгашаларды кескин кыскарткан жумурияттардын экономикасында өсүш да өтө аз болуп, мунун баары Түштүк Европада элди өкмөткө каршы чакырыктар менен көчөгө чыгарды.

“Натуура кесип”

Кыргызстанда, расмий маалыматка караганда, жумушсуздардын саны 200 миңден ашат. Алардын 70% жаштар экенин эске салган өлкөнүн Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыздоо министри Алиясбек Алымкулов жумушсуздукка негизги себеп деп “жаштардын кесипти натуура тандаганын” эсептейт.

“Жакынкы арада Орусия Кыргызстанда төрт ГЭС курууну пландап жатат. Биринчи эле станция курулганда аны тургузууга 12 миң жумушчу керек болот. Биздеги эң эле чоң проблема – жаштардын кесипти туура эмес тандашканы. Азыр жогорку окуу жайларын аяктап жаткандардын 24% гана жумуш менен камсыз болууда. Ал эми кесиптик-техникалык окуу жайларын бүтүргөндөрдүн 75-78% жумушка орношот, - деди министр. - Азыр жаштардын ичинде дээрлик 30% жакыны юрист, финансист болгусу келет. Ошол окуу жайларга тапшырууну каалайт. Бирок биздин мамлекетке анча сандагы юрист, финансисттердин кереги барбы? Биз экономикабыз айыл чарбасына негизделген мамлекет болгонубузга карабастан, жаштардын 4% гана агрардык окуу жайларга тапшырып жатат. Бул эмне дегенди билдирет? Азыр биздеги эң эле жаш делген агрономдор 50 жашка чыгышты. Муундар арасындагы ажырым өтө эле кеңейип кеткен. Эгер биз азыр жаштарды тарбиялап, адистер зарыл болгон тармактарга кайрадан даярдабасак, жакынкы жылдары бул чоң маселеге айланат. Бир эле мисал, Бишкекте сантехник 40-50 миң сом айлык алат. Бир да мамлекеттик кызматкердин айлыгы мынчалык жогору эмес. Бул да жаштарды ойлондурушу керек”.

Министрдин айтымында, азыр алар жаштарды өлкөгө кайсыл кесип зарыл болуп жатса, кайсыл тармактарда адистер жетишпесе, ошол жолду тандоого үгүттөп жатышат. Ал бир топ жерлерде айыл чарбасына адистерди кайра окутуу программалары да иштеп жатканын кошумчалады.

Эл аралык Эмгек уюму менен Эл аралык кызматташтык жана Өнүгүү уюму да акыркы билдирүүсүндө дүйнөдөгү өкмөттөргө жаштарды өкмөт колдогон иштерге жана окутуу программаларына тартууга чакырык таштады.

Францияда болсо өкмөт 150 миң жаңы жумуш ордун түзүш үчүн 3 млрд. долларлык программаны ишке киргизе турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG