Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

Египетте оппозиция массалык акцияларга даярданууда


Египеттеги оппозициянын жактоочулары шейшембиде конституциянын жаңы долбооруна жана президент Мухаммед Мурсинин өз бийлигин кеңейтишине каршы ири нааразылык акциясына чыгууну көздөөдө. Оппозиция Мурсинин референдумду 15-декабрда өткөрүү тууралуу чечими шашылыш кабыл алынды деп сындап жатат. Бул чечимди Мурсинин исламчыл тарапкерлери басымдуулук кылган ассамблея өткөн аптада колдоого алган болчу. Конституциянын жаңы долбоору азчылык менен аялдардын укуктарын коргобойт деп сынга алынууда.

Мурси болсо өзүнүн укуктарын кеңейткен жардыгын жокко чыгарганга чейин жаңы конституция ратификацияланышы керек деп билдирди. Президент менен кызматташуунун белгиси катары Египеттин жогорку сот органы референдумга байкоо салуучу судьяларды дайындаары маалым болду. Буга чейин египеттик соттордун улуттук клубу референдумга бойкот жарыялайбыз деп билдирген эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG