Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Миң-Кушта жол тосулду


Нарын облусундагы Миң-Куш шаарчасында бүгүн жергиликтүү тургундар көмүр кендерине өтүүчү жолду тосуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра ачышты. Жол тоскон ондогон тургундар жүк ташуучу унааларды өткөрбөй, кен казуучу компанияларга өз талаптарын койгон. Эл менен сүйлөшүүгө Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов, көмүр кенин иштеткен компаниялардын жетекчилери жана башка жергиликтүү жетекчилер келген.

Миң-Куш айылдык округунун башчысы Самир Жунусов эл менен бир мунасага келишкенин айтып, алардын талаптарын атап берди:

- Биринчи кезекте, Миң-Куштун ичиндеги 24 чакырым жол жасалат. Кенди иштетип жаткандар бей-бечараларга көмүр түшүрүп бермей болду. Арзандатылган көмүр талап кылышты эле, аны жолду бүтүргөндөн кийин карайлы дешти. Окуучу балдарды ташыган эки микроавтобустун бир аз кемчиликтери бар эле, аны 8-ноябрга чейин жасатып, 10-ноябрдан баштап жүргүзө турган болду.

Жумгал районундагы “Нарын көмүр”, “Берекет” сыяктуу 5 карьерге жол Миң-Куш аркылуу өтөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG