Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Тбилиси Москвага дипломаттык алака түзгөндүн шартын айтты


Орусия жикчил региондор: Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү деп таанымайын Тбилиси Москва менен дипломаттык алаканы калыбына келтирбейт. Бул билдирүүнү Грузиянын жаңы премьер-министри 1-ноябрда Тбилисидеги маалымат жыйынында жасады. Бирок Бидзина Иванишвили Орусия менен соода жана маданий байланышты калыбына келтирүү “реалдуу максат” деди. 2008-жылкы Грузия-Орусия согушунан соң Москва Абхазия жана Түштүк Осетияга аскер киргизип, эки регионду төбөлсүз деп тааныган.

Иванишвили мурда президент Саакашвилини жикчил Түштүк Осетияны аскердин күчү менен баш ийдирем деп, Москваны Грузияга басып кирүүсүнө шыкакчы болду деп бир нече жолу күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG