Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:12

Евробиримдиктин Иранга каршы мунай санкциясы күчүнө кирди


Быйыл январда расмий жактырылган санкциялар Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө Ирандан чийки мунайды жана мунай продуктуларын сатып алууга, ага катар мунай тарткан кемелерди камсыздандырууга тыюу салат.

Евробиримдик өлкөлөрүнө Ирандын мунай экспортунун 20% туура келчү.

Экономисттер бүгүнтөн тарта расмий күчкө кирген санкциялар Ирандын ансыз деле алсырай түшкөн экономикасына дагы бир сокку уруп, өлкө мунай сатуудан алган кирешени жарымга кыскартарын айтышууда.

Эл аралык Энергия агенттигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Ирандын чийки мунай экспорту 40% кыскарган.

Бирок бүгүн Ирандын Борбордук банкынын төрагасы Махмуд Бахмани өлкөнүн импорттук муктаждыктарды жапкыдай чет элдик валюта резерви жетиштүү деп ырастады.

Евробиримдиктин Иранга каршы санкциялары аны шектүү өзөктүк программасынан, анын ичинде уран байытуудан баш тарттырууга багытталган. Мунай санкциясы - буга чейин колдонулган чаралардын эң катаалы. (UE)
XS
SM
MD
LG