Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Дүйнөдө 27 млн. адам кулчулуктун азабын тартууда


19-июнда АКШнын Мамдепартаменти адам сатуу жана кулчулуктун жаңы түрлөрү боюнча дүйнөнүн 186 мамлекетиндеги абал жөнүндө жылдык баяндамасын жарыялады. Анда ааламда 27 млн.адам кулчулуктун түрдүү формаларынын курмандыгына айланганы айтылды.

Акыркы 12 жылдан бери АКШнын Мамлекттик департаменти дүйнөдөгү ар кайсыл мамлекеттерде кулчулуктун эмгектен тарта сексуалдык түрүнө чейинки ар кайсыл формалары үчүн сатылган адамдар жөнүндө баяндамасын чыгарып келатат.

Соңку баяндама 19-июнда жарыяланды жана аны мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон расмий коомчулуктун талкуусуна койду.

Андагы негизги ой – дүйнөдө кулчулукка каршы көрүлүп жаткан аракеттерге карабай, 27 миллиондой киши азыр да анын оор запкысын жеп жатат. Алардын жүгүн жеңилдетип, кулчулуктан пайда көргөн аткезчилерди жазага тартуу ишинде тигил же бул өлкөнүн өкмөттөрү кандай чараларга, кадамдарга барып жатышканына жараша баяндамада аларды үч топко бөлүп карашат.

"Үч мерчемдүү дүйнө"

Маселен, биринчи топко жалаң “аткезчилерди катуу жазалап, эл сексуалдык же эмгек кулуна айланбашы үчүн мыкты аракеттерди көргөн өлкөлөр” - Франция, Германия, Канада өңдүү өнүккөн мамлекеттер - кирет.

Үчүнчү топко такыр эле өкмөттөр адам аткезчилиги менен күрөшүүнү каалабаган жумурияттар – Судан, Иран, Кувейт, Зимбабве өңдүү өлкөлөр – кошулду.

Ал эми Борбор Азиядагы мамлекеттердин баарына бирдей баа берилди. Башкача айтканда, алар мамлекеттердин үч тобунун экинчисине, “адам соодасына каршы күрөштүн минималдык талаптарын аткарбайт, бирок аларды аткарууга күжүрмөн аракетин көрөт” делген топко кошулган.

"Өңүт" программабызды толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:23:53 0:00
Түз линк


Прогресс

Мамкатчы Клинтон баяндамага токтолуп: “Быйылкы баяндама көрсөткөндөй, биз бир топ прогресске жетиштик, - деди. - 29 өлкө төмөнкү тепкичтен өйдө көтөрүлдү. Бул дегени алардын өкмөттөрү туура кадамдарды жасап жатат дегенди билдирет. Ал мыкты, күчтүү мыйзамдарды иштетип, иликтөө, жазалоо иштери күчөтүлгөнүн көрсөтөт, же алар маселени чечүүнүн конкреттүү планын иштеп чыгышканын билдирет”.

Прогресске көңүл бурдуруу менен катар мамкатчы алдыда аткарылышы зарыл болгон иштер дагы көп экенин белгиледи.

“Биз азыр өзүбүздүн өлкөдө жана дүйнөдө адам аткезчилиги менен күрөштө канчалык алдыга кеткенибизден пайдаланып, бирок ошол 27 млн. курмандыкты куткарууга жана ааламда бир дагы кул болбошуна жетишүүгө чейин канчалык алыс экенин аныкташыбыз керек”, - деди ал.

“Айрымдар башка мамлекеттеги жакшы жашоо, мыкты жумуш өңдүү жалган убадаларга алданып калышууда. Дагы бирөөлөр өздөрү эле төрөлүп-өскөн жерде кулга айланып калышат. Алардын тарыхы, тагдыры кандай болбосун, мунун баары кулчулукту жок кылуудагы ишибиз бүтө электигин эске салат”, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.

Азыркы кулчулук

Жаш кыз-келиндердин алдоо, коркутуу жолдору менен сексуалдык кызматка тартылышы, эркек-аялдардын, балдардын ушундай эле түрдүү жолдор менен талааларда же жер төлөлөрдө айлык акысыз эртеден кечке иштеши, - мунун баары кулчулуктун жаңы формасы – адам аткезчилиги.

Ар бир бешинчи жараны үй-бүлөсүн бакканы, же жакшы жашоо издеп сыртта жүргөн Кыргызстан үчүн да бул түшүнүк азыр оор проблемага айланды.

Миграциянын улуу толкуну башталган жылдардан тарта эле Казакстан, Орусияда кул абалында ишке салынган, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарында, азыр эми Европада да “жакшы жашоо бар” деп алданып келген кыз-келиндер тууралуу айтыла баштады. АКШнын Мамдепартаментинин отчетунда кыргыз жарандары туш болгон бул өңдүү көрүнүштөрдү мындан 10-11 жыл мурда да айтышкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG