Бүгүн Ош шаарынын борбордук базарында иштегендер нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар жолдун боюндагы соода күркөлөрүн алып салуу боюнча мэриянын чыгарган токтомуна макул эместигин айтышты. Бир сааттан ашуун убакытка созулган нааразылык иш-чарасынын эки жүздөй катышуучусу Кара-Суу көчөсүндө үч ирет жол тосконго аракет кылышты. Шаардык милициянын 30дан ашуун кызматкери тартипти жөнгө салып турду. SE