Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Кумтөрдүн экологиясы кайрадан иликтенет


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кениндеги экологияны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү.

Эл өкүлдөрү кендин калдык сактоочу жайлары кооптуу абалда экенин, аймакта мөңгүлөр эрип жатканын белгилешти. “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасы болсо депутаттардын дооматтарына жооп кайтара элек.

Кумтөр кени 1992-жылы ачылгандан бери кендеги түрдүү маселелер боюнча кеминде 30га чукул комиссия түзүлгөн.

Эртеңкинин экологиясы, бүгүнкүнүн убайымы

Кумтөр алтын кенинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири парламенттин бүгүнкү жыйынында талкуу жаратты. Жыйында кендеги экологиялык маселелерди иликтеп келген мекемелер аралык комиссиянын корутундусу жарыяланды.

Комиссиянын жетекчиси, Кумтөр маселесин изилдеп жүргөн депутат Эркингүл Иманкожоева кенге жакынкы көлдөр менен сууларда уулуу заттардын көлөмү нормадан ашканын айтып, экологияга бир катар коркунучтар бар экенин билдирди:

- "Кумтөр" күнүнө эки жолу жардырат. Анын натыйжасында кенге жакын жайгашкан Петров, Давыдов мөңгүлөрүндө жарака кетип, алардын бат эришине алып келип жатат. Кендеги өндүрүштүк калдыктарды сактоочу жайдын үстүндө Петров көлү жайгашкан. Азыр биздин окумуштууларыбыз, чех окумуштуулары изилдеп, бул көл ташып кетиши мүмкүн деп айтып жатышат. Ташып кетсе, Кумтөрдүн калдык сактоочу жайынын бир бөлүгүн алып кетиши мүмкүн. Бул чоң экологиялык кырсыкка алып келиши ыктымал.

Парламенттин жыйынында 1998-жылдагы Барскоон айылындагы сууга цианид төгүлүшү боюнча маселелер козголду. Баяндамачылар аймакта рак дартына чалдыккандар көбөйгөнүн белгилешти.

Ошентсе да мекемелер аралык комиссиянын корутундусу депутаттардын толук колдоосуна ээ болгон жок. Оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров Кумтөрдө экология маселеси айтылгандан олуттуу экенине токтолуп, жаңы комиссия түзүү зарылчылыгын белгиледи:

- Кумтөр маселесин изилдеп чыгышыбыз керек. Мурда Кумтөргө кол тие элек кезде тоолорубуз, мөңгүлөрүбүз кандай болсо, ошону калыбына келтирүү боюнча маселе көтөрөбүз. Комиссия түзүп, мунун баарын эсептеп чыгышыбыз керек. Ошол комиссиянын жыйынтыгынын негизинде "Кумтөргө" биз талап коюшубуз абзел. Кайра калыбына келтиртишибиз керек. Бул асмандан алып айтып жаткан нерсе эмес, БУУга мүчө болуп кирген өлкөлөр кол койгон келишимдин негизинде.

Кооптонууга негиз барбы?

Талкуунун жыйынтыгында Кумтөрдөгү экологиялык маселелерди иликтей турган жаңы депутаттык комиссия түзүлдү. Он депутаттан турган комиссияга 15-майга чейин убакыт берилди. Депутаттардын бул демилгелери менен экологияга байланыштуу дооматтарына “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынан азырынча расмий жооп боло элек. Компаниянын маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин:

- Компания өз позициясын даярдаганда гана мен сиздерге бир нерсе айта алам. Анткени бүгүн көп нерселер айтылды.

Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев
Кумтөрдөгү экология маселеси 14-февралда өкмөттө да талкууланган. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин жетеги астында өткөн жыйында да мекемелер аралык комиссия корутундусун жарыяланып, соңунда тиешелүү органдарга тапшырма берилген.

Өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга Петров көлүнүн ташып кетүү коркунучу менен андагы уулуу заттардын деңгээлин он күндүн ичинде аныктоо, Кумтөрдө өндүрүштүк коопсуздук сакталышын туруктуу көзөмөл алуу тапшырылган.

Инспекциянын жетекчиси, “Кыргызалтындын” мурдагы башчысы Осмонбек Артыкбаев Кумтөрдө абдан чоң кырсык болот дегенге негиз жок деп билдирди:

- Абал ушунчалык жаман болушу мүмкүн деп айтууга анчалык кошула албайм. Себеби булар долбоорлоонун, изилдөөнүн негизинде жүрүп жатат. Бирок калдык сактоочу жайлар өңдүү бир катар маселелер бар. Аларды тынбай карап туруу керек.

Кумтөр алтын кенине байланыштуу экологиялык гана эмес, экономикалык, социалдык маселелер да көтөрүлүп келет. Маселен, буга чейин кендеги Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүп, келишимди кайра түзүү демилгесин көтөрүп чыккандар болгон. 7-февралдан тарта “Кумтөрдө” иштеген 1,5 миңдей киши айлык акыны көбөйтүүнү, Социалдык фондго чегерүүлөр маселесин чечүүнү талап кылып, мөөнөтсүз иш ташташкан.

XS
SM
MD
LG