Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

ИИМ: 5-кабаттан боюн таштайм деген үч киши кылмышка шектүүлөр


5-кабаттан боюн таштап өлөм деген үч киши кылмашка шектүүлөр. Учурда алар милицияда суракта. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашты. "Алар суицид жасайбыз дегенде милиция менен куткаруучулар сактап калды деген чындыкка жатпайт. Учөө тең кылмышка шектүүлөр болгондуктан милиция кызматкерлери барышса эшикти ачпай коюшкан. Ошондуктан эшиктин кулпусун сындырып кирүүгө мажбур болушкан биздин кызматкерлер. Терезеден секирем дегени болгон эмес. Ал батирден курал-жарак табылды", - дешти ИИМден.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, милиция Бишкектин Куткаруу кызматына жардам сурап кайрылганы чын.

Буга чейин Бишкектин 7-кичи районунда 12-декабрда өз өмүрүн өзү кыям деген үч кишини милиция менен куткаруучулар сактап калышты деген маалымат тараган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG