Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Таласта кайрадан алтын кен кампасы өрттөлдү


Талас районундагы Арал айылына жакын Талды-Булак алтын кенин чалгындап жаткан “Копер Голд” компаниясынын тоо этегиндеги кампалары кечээ түнү белгисиз адамдар тарабынан өрттөлдү. Окуя болгон жерге барган дубандагы кабарчыбыз Мирбек Айтикеев кампанын кароолчулары ур-токмокко алынып, кароол күзөтүнүн жетекчиси денесине келтирилген залалдан улам облустук бейтапканага жеткирилгенин билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча жергиликтүү РИИБ бул факт боюнча бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козголду.

Ушул эле жылдын апрель айында аталган компаниянын кампалары өрттөлүп, тартылган чыгым 7 миллион сом деп бааланган. Күнөөлүүлөр табылган менен компания жетекчилери аларды кечирип, жазага тартылган эмес. (ЕК)

XS
SM
MD
LG