Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Казакстанда иш таштаган мунайчылардын бири өзүн дарга асты


“Озенмунайгаз” компаниясынын кызматкери Айман Оңарбаеванын айтымында, 30 жаштагы Абай Абенов кечээ батыштагы Жанаозен шаарчасында өзүн дарга асып өлгөн. Ал мунай ишканасында төрт ай мурда иш таштоо башталганда ага кошулган эле. Оңарбаева иш таштаган кенчилердин үй-бүлөлөрүнүн абалы оор экенин, анткени ошондон бери эч кандай кирешесиз отурушканын кошумчалады. Абеновдун атын атагысы келбеген кесиптештеринин бири “Азаттыкка” сүйлөп жатып, ал өзүн азыркы иш таштоого байланыштуу өлтүргөн болушу мүмкүн деди.

Казакстандагы “Озенмунайгаз” жана “Каражанбасмунай” компанияларынын жүздөгөн кызматкерлери быйыл май айында айлык акыны жогорулатууну, жумуш шарттарын жакшыртууну жана чет-өлкөлүк кызматкерлер менен бирдей укук берилишин талап кылып иш ташташкан. Акция башталгандан бери 140 адам иштен айдалды. Айрымдары “уруксатсыз митинг өткөрүшкөнү үчүн” жоопко тартылып, кээ бирлери камакка да алынды.

XS
SM
MD
LG