Талкууга Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Татьяна Балаева, “Ош шамы” гезитинин өзбек бөлүмүнүн редактору Эркин Байназаров жана “Айтыш” коомунун президенти, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз катышты.
Бул жолу Кыргызстанды байырлаган улуттардын ынтымагы, биримдиги боюнча сөз болду.