Залкардын уулу Элдар Айтматов буга чейин өлкөдөгү саясий-экономикалык туруксуз жагдайдан улам атасына эстелик тургузулбай келгенин, учурда баш калаага “Айтматов атындагы маданий комплексти” курдуруу аракетин көрүп, 15-июнда көргөзмөсүн уюштуруп жатканын маалымат жыйынында билдирди.
2008-жылы 14-июнда калың журт кыргыздын чыгаан уулу, дүйнөлүк атактагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатып, кайгы тартып турду. Бишкектеги Улуттук филармонияга улуу жазуучу менен коштошуп калалы деген карапайым элдин аягы суубай агылып келип жатканы, түртүшүп, кысылган элдин кейиштүү абалы али күнчө эсте.
Коштошуу зыйнатында сүйлөгөн бийлик башындагылардын "залкар жазуучу унутпайбыз, кыргыз элинин эсинде түбөлүккө калтырабыз" деген тоодой убадасы, замандаш, калемдештеринин муун-жүндү бошоткон күйүттүү сөздөрү, казактын чыгаан акыны Мухтар Шахановдун
Чыңгызды экинчи Манас дегени да эсте.
Ооба, экинчи Манассың сен,
Дөңгө чыккан дөбөлөрдүн,
Чындап уучтап жыласың.
Бийиктиктен мыктылардын,
Үлгүсү болуп жатасың.
Энди Ала-Тоодон дагы зор,
Чыңгыз тоо болуп каласың.
2008-жылы 80 жылдыгын салтанаттуу белгилейм деп турган Чыңгыз Айтматов шум ажал алып кетээрин анда туйбаса да, сезбесе да керек. Каза болооруна жарым жыл калганда “Азаттыкка” маек куруп, буларды айткан:
- Дагы бир нерсени жазып чыксам, дагы бир нерселерди айтып калсам, убактым болсо бир жетишип калсам деген үмүттөмүн. Андыктан дагы жаза турган ойлорум бар.
Коомчулукта "кыргыздын опол тоодой Чыңгыз Айтматову унутулуп калды, жок дегенде Бишкектин бир чоң көчөсүнө ысымы ыйгарылбай, эстелиги тургузула элек" деген пикирлер арбын.
Анын чоо-жайын уулу Элдар Айтматов мындайча чечмеледи:
- Атам 10-июнда каза болгон. Былтыр 10-июнда Ош, Жалал-Абадда каргашалуу окуя болуп кетип, атама байланыштуу иштерди убактылуу токтотуп койгонбуз. Мына эми, буйруса, коомубузда тынчтык орноп, элибиздин бейкуттугу камсыз болду. Эми түштүктөгү кайгылуу окуянын бир жылдыгы эскерилгенден кийин “Чыңгыз Айтматов" кору 15-июнда Тарых музейинде атамдын колдонгон буюмдары, мурда эч жерде көрсөтүлбөгөн сүрөттөрү, чыгармалары көргөзмөгө коюлат.
Элдар Айтматов белгилегендей аталган кор эки жылдан бери америкалык архитекторлор менен тыгыз иш алып барышып, Айтматов атындагы маданий комплекстин долбоорун иштеп чыгышкан. "Эгерде Бишкек шаар бийлиги жер участогун берсе, инвесторлорду таап курулушту баштайбыз" дейт Элдар.
Учурунда Чыңгыз Айтматов “Ысык-Көл” форумун негиздеп, дүйнөдөгү таасирдүү адамдардын башын бириктирип, адамзат үчүн бардык тармак боюнча пайдалуу иштерди жүзөгө ашыруу аракетин көргөн. Кийин өлкөдөгү саясий туруксуздук ал форумдун ишин да үзгүлтүккө учураткан болчу.
“Ысык-Көл" форумун уюштуруу комитетинин төрагасы, жазуучу Казат Акматов залкардын керээзин иш жүзүнө ашыруу үчүн долбоорду президентке жөнөтүшкөнүн белгиледи.
- Чыңгыз Айтматовду эскерүү же болбосо анын эстелигин калтыруу маселеси мурунку бийлик тарабынан өтө начар болчу. Атүгүл Бишкекке бир чоң көчөнүн аты берилбей, эстелиги тургузулбай, айкели чегилбей, орус театрын Чыңгыз Айтматов атындагы театр деп чампалап бере салышып, ошону менен токтоп калган.
Эми азыр кайрадан жанданып, “Ысык-Көл” форумунун III жыйынын өткөрүү боюнча мамлекеттик эмес, коомдук уюштуруу комитетин түзүп, президенттин указынын долбоорун даярдап президенттин аппаратына бергенбиз. Бергенибизге бир ай болуп калды. Ошол жерде бардыгы эске алынган.
Казат Акматовдун айтымында, уюштуруу комитетинин долбоорунда "Ысык-Көл" форумун өткөрүү, Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүн тургузуу, баш калаага айкелин орнотуп, чоң көчөлөрдүн бирине анын ысымын ыйгаруу жана башка маселелер каралган.
Чыңгыз Айтматов 2008-жылы өзү тууралуу даректүү тасмага тартылганы Татарстанга барып, 16-майда бөйрөгү чукул начарлап, ооруканага жаткырылат.
19-майда Германиянын Нюрнберг ооруканасына жеткирилип, саламаттыгы кескин начарлап 10-июнда дүйнө салган. Сөөгү 14-июнда "Ата-Бейит" көрүстөнүнө коюлган.