Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:13

Бахрейн: Оппозиция лидерлери камакка алынды


Бахрейн падышалыгынын аскер күчтөрү Манама шаарын көзөмөлдөөнү улантууда. 2011-жылдын 17-марты. Nick.
Бахрейн падышалыгынын аскер күчтөрү Манама шаарын көзөмөлдөөнү улантууда. 2011-жылдын 17-марты. Nick.

17-мартта Бахрейн падышалыгынын коопсуздук күчтөрү оппозициячыл алты лидерди камакка алды. Падыша Хамад ибн Иса ал-Халифа 15-мартта (шейшембиде) өлкөгө үч айлык мөөнөткө чукул кырдаал жарыялаган. Шаршембиде шийи араптар басымдуулук кылган демонстранттар Манама шаарында аскер күчүн колдонуу менен таркатылган. Бийликтин нааразылык жыйынына каршы чыккандарга карата күч колдонуусун Бириккен Улуттар Уюму, АКШ жана Иран сынга алды.


Чукул кырдаал жана камакка алуулар

Бейшембиде (17-мартта) Бахрейн бийлиги оппозициячыл лидер катары таанымал алты саясатчыны камакка алды.

Ушул тапта оппозициянын калган жетекчилери мындан аркы саясий күрөш усулдары тууралуу ич ара кеңешип жатканы кабардалууда.

Бахрейн падышалыгынын коопсуздук күчтөрү Манама шаарынын көчөлөрүн жана аянттарын көзөмөлдөөсүн улантып жатат.

Перс булуңундагы арап өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы жолу дал ушул Бахрейн падышалыгында оппозиция калайыкты көчөгө чыгарууга жетишкен.

Бир айдан бери ордо шаардын Бермет аянтында топтолгон демонстранттар 16-мартта борбордук аянттан аскер күчүн колдонуу менен сүрүп чыгарылды.

Нааразылык жыйынына катышып келгендердин убактылуу чатырлары алынып салынды. Аларды таркатууда танктар жана аскердик тик учактар, жаш агызчу газ колдонулду.

Шаршембидеги кагылышуунун айынан бери дегенде эки демонстрант жана эки полициячы набыт болгону кабардалды.

Батыш жана Иран

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон болсо Бахрейндеги өз ара тирешкен тараптарды саясий баарлашуу аркылуу талаш маселелерди чечүүгө чакырды.
Клинтон айым Перс булуңундагы сунний арап өлкөлөрүнүн миңден ашуун жоокеринин 15-мартта Бахрейнге жардам берүү үчүн киргизилишин “калпыс кадам” катары сынга алды.

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад болсо 16-мартта чыгып сүйлөп, Сауд Арабстандын аскеринин Бахрейнге киргизилишин айыптады:

- Саддамдын тагдырынан сабак алышса дурус болмок. Эмне үчүн алар аскерин коңшу өлкөгө жиберип, элге каршылык көрсөтүүгө барат? Саддамдын жазмышы бардыгына тийешелүү. Эмне үчүн ушул чөлкөмдөгү кимдир-бирөөлөр Саддамдын катасын кайталоого ынтызар?

Расмий Тегеран 16-марттагы тынч демонстранттарга каршы күч колдонгон Бахрейн бийлигине нааразылык билдирип, Манамадагы элчисин кайта чакырып алды.

Маалыматтарга караганда, Британия өкмөтү өзүнүн Бахрейндеги атуулдарын бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырып, бул үчүн Манама шаарына атайын учактар жиберген.


Реформа талабын калк унутабы?

Серепчилер Бахрейндеги азыркы бейпилдикти "чоң бороон алдындагы тынч убак" катары баалашууда.

Калк саны 800 миңден ашуун кишиден турган бул өлкөдө кеңири саясий реформаларды жүргүзүүнү талап кылган демонстранттардын басымдуу көпчүлүгүн шийи араптар түздү.

Алар өлкөдө кеңири демократиялык реформаларды жүргүзүүнү, жергиликтүү шийилерди саясий башкарууга кеңири камтууну талап кылууда. Алардын айрымдары сунний араптардын ал-Халифа сулалесин (династиясын) биротоло жоюуну талап кылып келишет.

Бахрейн падышасы Хамад ибн Иса ал-Халифа 15-мартта өлкөгө үч айлык мөөнөткө чукул кырдаал жарыялаган.



Бахрейн падышалыгынын аскер күчтөрү Манама шаарын көзөмөлдөөнү улантууда. Ишкер Ник (Nick) мырза "Азаттык" үналгысына Манама шаарынан жиберген сүрөт баян. 2011-жылдын 17-марты.

XS
SM
MD
LG