Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Wikileaks Өзбекстандагы коррупция боюнча документтер жарыяланды


Британиялык "Гардиан" гезити Викиликс интернет сайтындагы өзбек бийлигинин уюшкан кылмыштуулук менен байланыштары тууралуу америкалык дипломаттардын каттарын жарыяланды.

Ал каттарда өткөн жылы өзбек президенти Ислам Каримов расмий Вашингтонду АКШ өкмөтү менен Ооганстанга колдоо көрсөтүү боюнча кызматташууну токтотуп коерун айтып коркутканы, ага болсо Мамлекеттик катчы Х.Клинтондун өзбек укук коргоочуга сыйлык тапшыруусу түрткү болгондугу айтылат. Ошондой эле америкалык дипломаттардын дагы башка каттарында «өзбек бийлигинин уюшкан кылмыштуулук менен тыгыз байланышы» жөнүндө маалымдалып, жогорку мамлекеттик жана коомдук кызмат орундары «сатылаары» жана президенттин кызы Гүлнара Каримованын өлкөдөгү кирешелүү бизнеске кол салып тургандыгы дагы айтылган.

XS
SM
MD
LG