Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Нарын шаарындагы К. Жакыпов атындагы мектепте жылуулук жок


9-ноябрдан бери аталган мектепте жылуулук жок. Себеби 400 кВт жылуулук берүүчү станция керектен чыккан. Натыйжада окуучулар сабакта сырт кийимдерин чечпей отурушат. Станцияны оңдоо үчүн 20 миң сом керек, бирок бул каражатты шаар бийлиги таба турган болду. Бул маселе 13-ноябрда өткөн Нарын шаардык мэриясынын коллегиясында көтөрүлдү.

Ушул убакытка чейин станцияларды мектептердин карамагына өткөрүп алуу иш-чаралары ойдогудай жүргөн эмес. Натыйжада коллегиянын чечими менен бир катар балдар бакчаларынын, тейлөө мекемелеринин жетекчилерине, айрым мектеп директорлоруна сөгүш берилди. Ал эми № 5 Кычан Жакыпов атындагы шаардык мектептин директорунун кызматтык ордун кароо токтомго киргизилди. (JI)

XS
SM
MD
LG