Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Ээнсиреген эки телеканал сатылат


“Бешинчи канал” жана “Пирамида” телекомпаниялары жаңы өкмөт куралып ишке киришкенден кийин ачык аукциондо сатылат.

Буга чейин ал телеканалдарды мурдагы президенттердин карамагындагы мүлк катары Убактылуу өкмөт улутташтырган.

“Бешинчи канал” мурдагы КООРТ телекомпаниясынын базасында 2007-жылы түзүлгөн. Бул каналдын тарыхый таржымалы өлкөдөн качып кеткен мурдагы эки президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен байланыштуу. Алгач ага Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев ээлик кылса, кийин Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көзөмөлүнө өткөн.

Укуктук жагынан “Жыйырма бешинчи канал” жабык акционердик коомуна караган телекомпания быйыл Убактылуу өкмөттүн 20-майдагы декрети менен улутташтырылган. Ушундай эле таржымалды башынан өткөргөн “Пирамида” телеканалы да мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

Айрымдарга “ашырабы” же ачык-айкын сатылабы?

Өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров жаңы өкмөттүн курамы ишке киришери менен улутташтырылган объектилердин катарында аталган эки телеканалдын тагдыры да чечиле тургандыгын билдирди:

- Бул телеканалдар жакын арада ачык аукциондо сатылат. КСДП алабы, “Республика” алабы, “Ата Мекен” партиясы алабы же аукционго катышкан башка эле бирөөлөр алабы - муну ошол жерден көрөсүңөр. Анткени аукционду уюштуруу иши ачык жана таза болот деген ишенимдемин. Буга чейин создуктурбай сатсак, Убактылуу өкмөт жең ичинен сатып жиберди деп күнөөлөшмөк. Мына эми легитимдүү бийлик келди. Жаңы парламент жана өкмөт өздөрү көзөмөлдөп сатышат. Парламенттин тиешелүү комитети алды-сатты ишин ачык көзөмөлдөп, аны акыйкат жана адилетүү өткөрөт. Андан түшкөн каражат мамлекеттин казынасына түшөт.

“Уруп” бастыруу эмес, чыныгы улутташтыруу жүрдүбү?

Буга чейин бир катар медиа уюмдар аталган эки телеканалды декрет аркылуу улутташтыруунун тартибин сынга алып чыгышкан. Анда мүлктү улутташтыруудагы мыйзамдуулукту кармануу маселеси көтөрүлгөн болчу. Мына ошол алты айдан ашуун убакыттан бери укуктук макамы аныкталбай келген эки телеканалдын тагдыры асылган абалда турган. Бирок ага карабастан аталган телекомпаниялар ишин үзгүлтүккө учуратышкан жок.

“Бешинчи каналдын” башкы директору Евгения Бердникова компания улутташтырылды деген менен мамлекет тарабынан камкордук же анын ишине ачык кийлигишүү болбогондугун белгиледи:

- Иш жүзүндө биз мамлекеттен бир тыйын да алган жокпуз. Бир айга жакын тышкы башкаруу киргизилип, телеканалдын мүлкүн тизмелешкенден кийин ал алынып салынган. Ошол эле учурда президенттик администрация же башка мамлекеттик бийлик органдары тарабынан каналдын ишине кийлигишүү жок. Алар каржылык, чарбалык, редакциялык иштерге же кадр саясатына басым көрсөтүшкөн жок.

Улутташтырылган телеканалдардын шайлоодогу ролу

Ошол эле учурда бир катар медиа уюмдар улутташтырылган телеканалдардын редакциялык иш-аракеттерине кайсы бир саясий күчтөрдүн таасир эткен учурлары катталгандыгын белгилешет. Бул айрыкча шайлоонун алдында эфир жаңылыктары аркылуу кайсы бир партиялардын ишмердүүлүгүн жан тартуу маанайында чагылдыруудан көрүнгөн.
Марат Токоев

Ошону менен катар “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин айтымында, үгүт өнөктүгүн чагылдырууда бир да партияга артыкчылык бербөө боюнча шайлоо кодексинин талаптары бузулган:

- Үгүт материалдарына окшошкон материалдарды ал телеканалдар “Жаңылыктар” телекөрсөтүүсүнүн ичинде берип жатышты. Ошол эле учурда анын үгүт-жарнамалык мазмундагы материал экендиги жана тиешелүү партиянын шайлоо фондунан каржыланып жаткандыгы көрсөтүлбөгөн учурлар көп болду. Анан эң негизгиси эки партиянын үгүт өнөктүгү тууралуу өтө көп көрсөтүүлөр орун алды. “Бешинчи каналда” өзгөчө “Республика” менен “КСДП” партияларына эфирдик артыкчылыктар көп берилди. Өкүнүчтүүсү мындай материалдардын иргелбестен жаңылыктардан кетип жаткандыгы.

“Бешинчи канал” жана “Пирамида” телекомпанияларын ачык аукциондо сатуу иштери мамлекеттик мүлк министрлигинин алдында түзүлгөн улутташтырылган мүлктөр боюнча фонд тарабынан уюштурулат. Алардын аукциондогу баштапкы баасы көз каранды эмес комиссия тарабынан аныкталмакчы.
XS
SM
MD
LG