Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Күч кызматкерлеринин укугу жана эркиндиги талкууланууда


Бишкекте “Достук” мейманканасында “Мыйзам жана адилеттик” деген аталышта тегерек үстөл болуп жатат. Талкуунун катышуучулары акыркы убактарда Кыргызстанда күч кызматкерлерине карата жасалган басым-кысым жөнүндө талкуу кылышууда. “Күч кызматкерлеринин укугу жана эркиндигин коргоо” комитетинин мүчөсү Энвер Генен учурда күч кызматкерлери берген антына жараша жасаган иши үчүн айыпталып жатканын белгилеп, буга апрель окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан аскер кызматкерлеринин ишин далил келтирди.

Ал эми апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан атайын күзөт кызматынын кызматкерлеринин жактоочусу Алымбек Ниязов азыркы бийлик аларды куралсыз элге ок аткан деп айыптап жатканын, бирок Ак үйгө, милицияга чабуул жасаган адамдардын колунда курал болбогону тергөө тарабынан аныкталбаганын билдирди. Ал ошондой эле 7-апрелдеги кан төгүү бонча айыпталып жаткан аскер кызматкерлеринин баш коргоо чарасын өзгөртүү, бошотуу боюнча убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров убадаларды берип, бирок сөзүнө турушпаганын, ал эми президент Роза Отунбаева камактагы офицерлердин жакындарын кабыл алуудан баш тартканын кошумчалады.

“Күч кызматкерлеринин укугу жана эркиндигин коргоо” комитетинин атынан президентке кайрылган А. Ниязов Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы “Альфа” атайын кызматынын жана мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин үстүнөн жүрүп жаткан ишти кыскартууну талап кылды.

7-апрель күнү мурдагы президент К. Бакиевдин башкаруу системасына каршылыгын билдирип чыккан элге Ак үйдүн чатырынан атылган октон 87 киши набыт болгон. Алардын айрымдарына президенттин жарлыгы менен “Апрель революциясынын баатыры” деген наам берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG