Мындай келишимге Москвада жума күнү Россия президенти Дмитрий Медведев жана Венесуэла президенти Уго Чавес кол коюшту. Долбоордун баасы жарыяланган жок. “Венесуэла россиялык жаңы технологиянын жардамы менен мунай-газга болгон көз карандысыздыгын азайтат”,- деп билдирди президент Чавес.
2005-жылдан бери Венесуэла 4 миллиард долларга Россиядан каруу-жарак сатып алды.