Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Алматыда эки автобус толо кыргыз жарандары депортацияланды


Түндөсү Казакстандын Алматы шаарында иштеп жүргөн бир катар кыргызстандык эмгек мигранттарын казак бийлиги эки автобуска толтуруп, Кордай өткөрмө бекети аркылуу депортация кылышты. Бул тууралуу ошол мигранттар менен мурда чогуу иштешкен Мирлан Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 7-апрелден бери эле казак бийлиги кыргызстандыктарды бирден-экиден депортациялап, кысмакка алып келатышат. Бирок жүздөй адамды бир убакта депортациялаган учур боло элек болчу. М.Сатыбалдиевдин өзүн казак бийлиги март айында эле депортация кылып жиберишкен. Туура эмес депортация болгонун айтып, Бишкектен адвокат жалдап Алматы шаарында соттошкону менен жеңе алган эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG