Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

Ун арзандашы мүмкүн


Мындай ишеничин вице-премьер-министр Александр Костюк бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, буудайдын толук жыйналып бүтүшү менен ундун баасы арзандашы ыктымал. Вице-премьер-министр быйыл жалпы жонунан 870-890 миң тонна буудай жыйналары болжолдонуп жатканын айтып, бул кыргызстандыктардын керектөөсүн толугу менен жаба алат деп бекемдеди.
Айыл чарба министрлиги быйылкы жылы буудайдан алынган түшүм мурунку жылга салыштырмалуу 149 миң тоннага аз экенин маалымдаган. Өткөн жумада капысынан жааган кар Нарын облусунун эгини чабыла элек аймактарын басып калган.

Ундун баасы июль айынан тартып кескин көтөрүлө баштаган. Буга дүйнөлүк буудай базарындагы ири экспорттоочу өлкөлөр Канада менен Орусияда эгин талаалары күйүп кеткени негиз бергени айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG