Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Темир Сариев фейсбукчулар менен жолугушат


"Ак-Шумкар" партиясынын жетекчиси Фейсбук интернет сайтынан Бишкектин барларынын биринде жолугушууну сунуш этти. Бул кайрылуу сайтта кызуу талкууланууда. Көпчүлүк фейсбукчулар саясатчынын бейформал жолугушуу сунушун колдоп чыгышты. Бирок айрымдар Фейсбуктагы Сариевдин атынан башка бирөө жазып жаткан жокпу деп ишене албай турушат. Бул тууралуу фейсбукчу, медиа эксперт Алмаз Калет "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Көпчүлүк таң калды. Себеби саясатчылар күндө эле интернетте блог ача бербейт эмеспи. Анын үстүнө “Алар өздөрүбү, же жардамчылары жазып жатабы?” деп, көбү ишенбей да жатат.

Кандай болгон күндө да, онлайн баарлашуудан соң, жолугушуунун мөөнөтү 25-сентябрь, саат 11 деп такталды. Шайлоочуларды өз тарабына имерүүдө "Ата-Журт" жана "Республика" партиялары интернетти айрыкча чыгармачылык менен пайдаланып келатышат.

XS
SM
MD
LG