Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

НАТО келерки жылы Ооганстандан чыгууга камданууда


Ооганстандагы НАТО аскерлери келерки жылы өлкөдөгү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти Ооган өкмөтүнө өткөрүп бергендей болушу керек. Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы Фог Расмуссен билдирди. Ал коопсуздук кырдаал жакшырып калгандыктан жоопкерчиликти Ооган тарапка өткөргөнгө мүмкүнчүлүк бар деп ишенет. Анткен менен, Расмуссендин айтышынча, НАТО күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетүү мөөнөтү кырдаалга жараша аныкталат. НАТОнун мүчөлөрү ноябрда Португалияда кездешип, бул маселени, анын ичинде Ооганстандын түрдүү аймактарындагы жагдайды талкуулайт.

XS
SM
MD
LG