Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Казакстанда окубай калган кыргыз балдарынын маселеси каралат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин басма сөз катчысы Кыялбек Токсонбаев кабарлады. Анын айтымында, бул маселе министр Айгүл Рыскулованын Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Гүлшара Абдыкалыкова менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү. “Кайсыл жерде болбосун балдар билим алууга укуктуу. Бул балдардын укуктары боюнча эл аралык Конвенцияда да белгиленген. Эгер аны аткарбаса анда балдардын укугун бузган болот. Казак тарап бул маселени кайра карап чыгып, оң жагына чечебиз деп убада берди”, - дейт К.Токсонбаев. Бул маселени Казакстандын прокуратурасы иликтеп жатканы айтылууда.

Буга чейин Казакстанда иштеп жаткан эмгек мигранттар 7-апрелден кийин алардын балдарын мектепке киргизбей, окутпай жатканын айтышкан. Алардын айтымында, казак бийлиги алардан жашоо үчүн уруксат, же ошол өлкөнүн жарандыгын алууну талап кылышкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG